Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анжелика: “Бирөөнүн күйөөсүн тартып алгандай ажылдагансыңар...”

Анжелика: “Бирөөнүн күйөөсүн тартып алгандай ажылдагансыңар...”

23-декабрь, 17:08
1 893 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эстрада ырчысы Анжелика Кайратова жеке жашоосу боюнча Инстаграм баракчасына жазып, элдин сынына көп кабылат. Бул жолу ырчы айым аны сындагандарга жооп жазды:

“Мен сени сагындым” деген билдирүүмө бирөө “Уялбайсыңбы” деген билдирүүсүн жазыптыр. Сүйүктүүңө сүйүүңдү эл көзүнчө айтуу уятпы? Ага кошумча бирөөнүн баласын бирөө чын жүрөктөн кучактабайт. Акылын болсо, минт-тигинт дейт. Айтаарым, мен бирөөнүн баласын жана ата-энесин жакшы көрө алам. Канчалаган балдар өз эмес, өзгөнүн ата-энесин жакшы көрүп жашап жатышат. Бул тагдыр экен.

Силер кыздарымдын, менин, атасынын кантип жашап жатканымды билбейсиңер. Кыздарым атасы менен бат-бат көрүшүп турушат. Бизди түбөлүккө байланыштырган кыздарыбыз бар. Жашоону өзүбүз каалагандай кылып түзүп жатабыз!

Бир учурда тим эле бирөөнүн жашап жүргөн күйөөсүн мен тартып алгандай ажылдагансыңар. Мейли, көрөбүз дегем. Обу жок аялдын сөзүнө кирип, ишенгендер андан бетер болуп кеткен. Мен ичимдеги бугумду, айтаар сөзүмдү ичиме бекем катып : “Анжелика, бул сыноо. Баары өтөт”- дээр элем.

Канчалаган азгырыкка, жаман жолго кадам таштабадым. Мен башты иштетип, акча таап, жоопкерчиликтүү мамиле жасайм. Ошондон мени сыйлагандар аз эмес. Кудайдан жардам сурай бердим, сурай бердим, сурай бердим…

Сурагандарымды берди жана берип жатат. Байкасаңыз, мен муну менен: «Тагдырдын сыноосундагы адамга» эмне деп айткым келип жатат. Чыда алтыным, чыда! Баары жакшы болот,”- деп жазды.

Aryba.kg
Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер