Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Иманалиев: “Бийликтин заказын аткарган жети-сегиз сотту жазалоо зарыл”

Каныбек Иманалиев: “Бийликтин заказын аткарган жети-сегиз сотту жазалоо зарыл”

14-июнь, 23:07
1 082 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Соттук реформага болгон аракеттер, соттогу акыйкаттуулук канткенде ишке ашат? Себеби, буга чейин деле көп аракеттер болгон менен жыйынтык жок болуп атпайбы?

-- Биринчиден, саясый заказдарды аткарып келген соттун баары люстрацияга алынышы шарт. Экинчиден, сотторду тандоо критерийлери көбүрөөк болушу керек. Үчүнчүсү, сотко талапкер болгондорго талаптарды жогорулатуу зарыл. Төртүнчүсү, соттун иши ачык-айрым көрүнгөндөй онлайн режиминде жүрүшү зарыл. Сот системасы реформа болмоюнча калган реформанын бирөө да ишке ашпайт. 

-- Чынында эле соттордун бийликке карай көз карандуулугунан арылса болобу?

-- Бийликке сот оппозицияны соттогондо керек болуп атпайбы. Бирок, бизде акыркы 10 жылда бийликтин заказын аткарып жүргөн 7-8 эле сот бар. Алардын кимдер экенин биз жакшы билебиз. Ошол эле Садыр Жапаровду, Өмүрбек Текебаевди, Бекболот Талгарбековду соттогон судьялар бул системадан кетиши керек. Алар жалаң заказдарды аткарып жүрүп, Кыргызстанды ушул күнгө кептеди. Ошолордун баары иштен айдалып, жазаланмайын соттогу адилетсиздик улана берет.

Учурда аракеттер жүрүп атат. Калганын иш жүзүндө убакыт көрсөтөт. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер