Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атайбек БӨДӨШОВ: “Түгөнбөс түйшүктөгү кут алып жүрүүчүлөр – бул өнөр адамдары”

Атайбек БӨДӨШОВ: “Түгөнбөс түйшүктөгү кут алып жүрүүчүлөр – бул өнөр адамдары”

27-ноябрь, 19:13
2 830 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын композиторлор жана музыка ишмерлер союзунун мүчөсү, И.Арабаев атындагы университеттин доценти Атайбек Бөдөшов агабыз менен эзилише сүйлөштүк. Кебибиздин уңгусу өнөр баккан адамдарынын учурдагы кейиштүү абалы болду. Анда кеттик.

-- Атайбек ага, адам баласы жаралгандан бери канча кылымдар алмашып, канча замандар өттү. Кимдердин аты калды? Кимдер эл оозунда сыймык менен айтылып келет? 

-- Негизинен чыгармачыл өнөр ээлеринин ысымдары. Алардын элибизге калтырган нарктуу сөздөрү, ыр-күүлөрү, жомоктору, макал-лакаптары бүгүнкү күндө да көөнөрүп эскирбей, улам жаңыланып, түрлөнүп, өзүнүн түбөлүктүүлүгүн улантып келет. Көркөм чыгармачылык – бул жөнөкөй эле эриккендин эрмеги, бекерчинин оюну эмес. Көркөм чыгармачылык – бул адамзатынын дүйнө таанымы, акыл-эси, сезими, каада-салты, тарыхы. Чындыгында өнөр адамдарысыз эч бир мамлекетти, улутту элестетүү мүмкүн эмес. Бүгүн да кыргыз элибизди, мамлектибизди ааламдашуунун селине алдырбай, ар кандай апааттан сактап келаткан бул көркөм чыгармачылыгыбыз, аны алып жүргөн өнөр адамдары. Адамды акыл-эсинен ажыратып, ата-энесин, туулган жерин, элин унуттуруп, кулмаңкуртка айланткан жөрөлгөнү (ааламдашууну) жолотпой, колдон келишинче каршы туруп жаткандар да өнөр адамдары. Эгерде өнөр адамдарыбыз болбогондо, көркөм чыгармачылыгыбыз болбогондо, элибиз маңкурттарга, маңгыбаштарга айланып, эл болуудан калып, ар элдин маданиятына баш ийип, жандүйнө кыяматы болуп, эбак эле жок болмокпуз. 

-- Аныңыз чын...  

-- Эгер өнөр адамдары  жоголсо, анда анык жандүйнө кыяматы болуп, ар элдин маданиятына баш ийип, аларды пир тутуп, ошолордун маданиятына сиңип, эл болуудан калабыз. Кыргыз журтчулугу мамлекетибизден, эл-жерибизден айрылабыз. “Улуу инсандары менен өнөрлүү адамдарын кор туткан эл, мамлекет, эзели өйдөлөбөйт, өспөйт. Эч убакта кубаттуу мамлекетке айланбайт жана өнүкпөйт. Мындай элден, мамлекеттен эч убакта акын, ырчы-чоорчу, улуу инсандар, баатырлар, акылмандар чыкпайт. Акылмандарынын сөзүн укпаган эл акмактардын сөзүн угат. Андай элдин балдары, көртирликтен башы чыкпай, курсактын көйгөйү менен гана жашап калат. Руханий жактан азык алып турбаган адам маңкуртка, кулга айланат. Кулдун бүт акыл-эси күнүмдүк жашоого гана багытталган” дептир бир акылман. Акмактардын сөзүн уккан эл эмне болорун, акыл башкарбай жалаң акчалуулар башкарса эмне болорун жонтерибиз менен сезип жатабыз. “Оозу кыйшык болсо да байдын баласы сүйлөсүн” деген макал азыркы биздин жашообузга туура келип калды. Жалаң байлыгына чиренген муун пайда болууда. Бул муун көртирликти гана эңсешип, ачкөз, рухий жактан жарды тирүү өлүккө айланышууда. Булар дил байлык, көроокат байлыгынан канча эсе жогору турарын кайдан билишсин. Илгертеден ушул заманга чейин байлыгы менен чиренген канча миңдеген адамдар өттү. 

-- Тарыхта байлыгы менен чиренген кайсы адамдардын аты калды? 

-- Эл болобу, саясатчылар болобу, баары эле көроокаттын деңгээлинде ой жүгүртүп, улуттук деңгээлге көтөрүлө албай жатабыз. “Үч революция жасадык” деп  көкүрөгүн каккан революционерлердин кимиси мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүп иш алпарышты? Тескерисинче, байлык, бийлик талашмайдан жогору көтөрүлө алышпай, жыргалчылыкты өздөрүнө гана түзүшүп, эчтекеге жооп бербей, шапар тээп жүрүшпөйбү, же мен калп айтып атамбы? Дил байлык көроокат байлыгынан жогору турат. Дил байлыгы жогору турган инсандар көроокатка эч убакта азгырылышпайт. Адамдын дилин маданият гана байыта алат. Искусство адамдын жүрөгүн, мээсин тазалайт, коомду тазартат, жакшылыка үндөйт, жандүйнөнү тазартат. “Маданият төмөндөсө, эч бир гениялдуу саясый реформа ишке ашпайт” дешет го, туурабы?

-- Туура...

-- Ага өзүбүз күбө болуудабыз. Өнөр адамдары дүйнө жүзүнө бизди, мамлекетибизди, улуттук маданиятыбыз гана тааныта алат жана алып чыгат. Элдин, жердин даңкын чыгарат. Байыркы Рим империясы “улуттун, мамлекеттин даңкын бекемдөө үчүн маданиятты өнүктүрүү керек” деп чечим чыгарган. Рим императору мамлекет идеологиясынын кубаттуу кыймылдаткыч күчү, бийлик менен элдин биримдигин жаратуучу зор күч өнөр ээлерине таандык деп эсептеп, өлкө казынасынан өнөр адамдарынын чыгармачылыгы өссүн деп атайын каражат бөлдүрүп, ал гана эмес, бай адамдарга, сенаторлорго, баардык аткаминерлерге өнөр адамдарын көтөрмөлөнү, колдоону (азыркы тилде демөөрчүлүк) милдеттендирет экен. Ал мезгилде Рим империясынын акчасынын аты “талант” аталгандыктан, өнөр адамдары акчалуу болушуп байып калышкан. Эл өнөр адамдарын тамашалашып “талантуулар” деп атап атышып, ал аталыш бүткүл дүйнөгө жайылып кетиптир. Азыркы учурда биз өнөр адамдары “таланттуу” (акчалуу) болбой эле талантсыз болуп калдык. 

-- Сөзүңүз куру болбосун, мисалы?

-- Казактын Абылай ханы буга жакшы мисал. Ал Бухар Жырау деген ырчысына дайыма сый-урмат көрсөтүп турганы айтылат. Бухар Жырау ырчысын дайыма өзүнөн жогору төргө отургузчу экен. “Өзүңүз өтүңүз, сиз хансыз мен болгону ырчымын” десе, Абылай хан “сизди Кудай шайлаган, мени болсо үч жүз уруу шайлаган” дептир. Эмне деген улуу сөз, эмне деген өнөр адамын барктоо! Ошентип Кудай  шайлаган өнөр адамдарынын ыраазычылыгын, ак батасын алганы   үчүн ошол жөрөлгө казак туугандарда салтка айланып, азыр да уланып келүүдө. Казак бийлиги өнөр адамдарын улут уңгусу, журт жүзү, катары көргөнү үчүн, алардын мамлекети өсүп өрчүп өнүккөн мамлекеттердин катарында теңтайлашууда. Мурунку президенти Назарбаевдин катардагы эле бир ырчысын барктап, сыйлаганын өз көзүм менен көргөн жайым бар. Алар өнөр адамдарын өзгөчө кадырлап-барктап турушарын угуп да, көрүп да жүрөбүз. 

-- Россиянын президенти деле өнөр адамдарына жакшы көңүл буруп турат го?

-- Ошону айтпайсызбы! Ал өз мамлекетинин өнөр адамдарын кандай сыйларын көрүп, ушунчалык ардандым. Ар жыл сайын жаңы жыл алдында өнөр адамдарына сый көрсөтүп турат. Эсимде, мындан эки жыл мурун жаңы жыл алдында жалаң балдар жанрында эмгектенген 50-60тай чыгаан өнөрпоздорун Кремлге чакырып, өз фондусунан 22 млн. рублден акчалай сыйлык бергенин  теледен көрсөтүштү. 150 миллиондой эли бар Россияда 50-60тай эле чыгаан таланттар балдар жанрында иштешет экен. Бизде болсо онго жетпеген (балдар жанрында көбүрөөк чыгарма жазгандар) инсандар бар экенбиз. Бизге андай миллиондорду кой, жылуу сөз айткан киши жок. Каныкей Эралиева экөөбүз балдар үчүн Күн балдары аттуу ноталуу ыр жыйнагыбызды чыгарып алып, көрбөгөн кордукту көрдүк. Эч кимден жылуу сөз уккан жокпуз. Бизден башка деле балдар үчүн обон-ыр жазгандар жыргап кеткен жок

-- Атайбек ага, илгери бизде кандай эле?

-- Кыргыз элинде деле өнөр адамдарын илгертеден бери эле барктап келишкен. “Акылдын кени акында”, “өнөр адамдары ыйык” алардын ыр-күүлөрүн “Кудайдын сөзү” деп сыйлашкан. Көзү ачык акындарды пайгамбарга теңешкен. Таланттар байыр алган жерлер кереметтүү делинген. Өнөр адамдарын кут алып жүрүүчүлөр, кут жыйноочулар, куттуу инсандар деп эсептешип, карапайым калк эле эмес хандар менен бектер деле сый-урмат көргөзүп турушкан. Өнөр адамдары да элди ыйманга, акыйкат жашоого чакырып, улууну урматтап, кичүүнү сыйлоого тарбиялап, адам рухунун улуулугун жеткире айтышып, элди аруулантышып, турмуштун эң негизги туткасы руханий байлык экенин, ал көроокат байлыгынан жогору турарын дайым айтып келишкен. Ошон үчүн ата-бабаларыбыздан бери келаткан нарктуулукту, улуу салттарыбызды ыйык тутуп, көздүн карегиндей сактап келатканы үчүн, нечендеген кылымдарды карытып кыргыз улуту жашап келет. Биз өнөр адамдары (акын-жазуучу, композиторобончу, комузчу, жаратмандар) өз мойнубузга түгөнбөгөн түйшүктү   жүктөп алганбыз. Бизди эч ким деле муну жаз, тигини жаз дебейт. Азыркы учурда сен чыгарма жазасыңбы-жазбайсыңбы, баары бир. Биздин эч кимге керегибиз жок. Бирок биз, кыргыз мамлекетинде жашап жаткан өнөр адамдары, жазган чыгармаларыбыз  кыргыз элибиз үчүн, келечек муун үчүн, мамлекетибиздин келечеги үчүн керек экендигин жонтерибиз менен сезип, абийир менен аткарып жатабыз. Ар бир доордун чыгармачыл инсандары өзү жашаган доордун боёкторун өз чыгармаларында жазып, кийинки муунга калтырып кетишкен. Биз дагы өзүбүз жашап жаткан доордун боёгун (ырмузыкабызды) жазып калтырып кетүү милдетибизди аткарып жатабыз... 

-- Атайбек ага, чыгармачыл адамдын жандүйнөсү чын эле назик, сезимтал келеби?

-- Чыгармачыл адамдын ой жүгүртүүсүнөн улам жаңы чыгармалар жаралып   турат. Деги эле чыгармачыл   адамдар Кудайга жакын журт катары айтылып жүрөт. Өнөр адамдарынын жандүйнөсү назик келет. Ошон үчүн алар дүйнө кубулуштарын, карапайым эл капарына албаган турмуш шардандарын өзгөчө туюмдары менен сезип чыгарма жазышат. Орой мамиле алардын ындынын өчүрүп, капа кылат, оорутуп коёт. Чыгармачыл адамдын көңүлүн ооруткан пенде Кудайдын каарына калат. Түбү жакшылык көрбөйт. Ал эми бизде болсо чыгармачыл инсандарды кор тутуп, “байкуштар” дешип, киши катарына көрбөй, тойдо эле ырдаган адам катары мамиле кылышат. Өнөр адамдары миллиондогон байлыгы бар пендеге караганда канча эсе бийик турарын билип койгула, курсагы менен ойлонгон пенделер! Мен жогоруда айткандай, кыргыз журту миңдеген жылдардан бери жоголбой сакталып, улут катары, эл катары сакталып келе жатышы силердин миллиондогон байлыгыңардын аркасы менен эмес, өнөр адамдары бар үчүн, рух байлыкты туу тутуп, дил байлык, материалдык байлыктан канча эсе жогору турарын элибизге айтып, жар салып турганы, ар бир доордо мурунку доордон калган рух байлыкты сактап, өзүлөрүнүкү менен толуктап улам кийинки муунга өткөрүп берип турушканы үчүн кыргыз эли сакталып туру. Биздеги экономиканын өспөй турушу, аткаминерлердин маданиятка жасап жаткан мамиледен улам болуп жатат. Себеби, мына отуз жылдай убакыттан бери элибиз, айрыкча жаштарыбыз эстетикалык тарбиясыз калышты. Кайра куруу башталганда маданият биринчилерден болуп талкаланды. Улуу муундун эсинде болсо, маданият үйлөрү китепканалар, музыкалык мектептер, кинотеатрлар маданиятка тийешеси бар нерселердин баары сатылып, талкаланып, китептер көчөгө ыргытылып, от тамызгыга айланбады беле? Азыр маданиятты бир ууч эле улуу муундун (ортоңку муунда азыраак бар) өкүлдөрү кармап турабыз. Жаштарыбыз мектеп партасынан эстетикалык тарбия албай, нукура кыргызча музыкаларды жаза албай жатышат. Жаштарыбыздын жандүйнөсү башка элдердин маданиятынын таасиринде талкаланып калды. Ошонун себебинен алар эч убакта кыргызча ыр-күүлөрдү жаза алышпайт. Мектептеги музыка сабагынын сааттары кыскартылып, өздүк-көркөм ийримдерин каржылоо 1996-жылы токтотулуп, эстетикалык тарбия ошону менен жок кылынды. 

-- Азыр деле ошол калыбынан чыга элек да? 

-- Туура айтасың, калыбынан чыга элек. Мектептерде эки миңден ашык кесипкөй музыка мугалимдери  жетишпейт. Себеби, маяна өтө аз. Музыка сабагын башка сааты аз болгон башка предметтердин мугалимдери өтүмүш болот экен. Ошонун себебинен 2-класстын окуучулары “сүйөм-күйөм, жаным. Өрттөнүп өлөм” деп ырдашып жүрүшпөйбү. Угушума караганда, чоң кызматтагы маданиятты каржылоого тийешеси бар бир чиновник “20 жылдай убакытта маданиятка чоң каржылоо болбойт, үмүт үзгүлө, акча жок” дептир. Мен айтат элем, жаштарыбыздын эстетикалык тарбиясыз калышы менен 20 жылдан кийин экономика өтө өнөгүп кетсе да мамлекет болуудан калабыз. Улуу жана орто муундун өкүлдөрү бул дүйнөдөн көзү өткөндөн кийин тарбиясыз калган жаштарыбыз жалаң гана акча, баюу, жана баюудан башка тарбия көрбөгөн жаштарыбыз муундан муунга өтүп сакталып, кылымдардан бери келе жаткан рух байлыктарыбызды сактай алабы? Албетте жок! Себеби алар рух байлык эмне экенин билбей чоңойсо, дүнүйөкорлуктан башканы көрбөсө, өзүбүздүн маданиятты эмес, башка элдердин маданиятын туу тутушса, бүттү да. Ошол элдердин маданиятына сиңип, мамлекет да ошентип жок болот. Кыргыз улуту, кыргыз мамлекети 50 жылдардан кийин жок болуп кете турган улуттардын катарына киргенибиздин угуту мына ушул жерде жатат. Ошон үчүн “маданиятын жоготкон эл – эл болуудан калат” деп бекерден   айтылбайт. Мамлекетти, улутту   улут катары  кармаган  маданият. Ошон үчүн ааламдаштыруунун (глобализация) негизги доктринасы улуттардын маданиятын башка элдердин маданияты менен алмаштыруу болуп саналат. Биздеги кайра куруу маданиятты, мектептеги эстетикалык тарбияны акырындап жок кылуудан башталды эле, мына үзүрүн көрүп баштадык. Бир муунду жоготуп алдык. Бул муун эстетикалык тарбия көрбөгөнүнүн  себебинен, руханий жактан жакыр болушуп, материалдык жактан чөнтөктөрү калың  болуп, алдыңкы өкүлдөрү бийликке келишти эле, эмне болду? Четинен камалып жатышат. Булар мамлекетибизди эч убакта оңдобойт, тарбиясы ошондой бул муундун. Бир окуяны баяндайын. 

Экс-депутат Турсунбай Бакир  уулу “биз эгемен өлкө болдук, демократиянын жолуна түштүк, демократиянын туу чокусуна чыгабыз” деп айгайлап жаткан жылдары депутат катары АКШга бир форумга барып доклад окуйт. Форумдан кийин Таиланддын өкүлү мындай дейт: “Мен сиздерге (Т.Бакир уулу аркылуу кыргыз элине) бир нерсени эскертип коюшум керек. Силердей болуп Батышты туу тутуп, ал гана эмес бири-бирибиз менен болгон алаканы да, улуттук өзгөчөлүгүбүздү да базар стандартына салып, акыры чоң жоготууларга учурадык. Өлкөбүз байып өнүккөнү менен улуттук өзгөчөлүгүбүздү, дилибизди, маданиятыбызды, улутту улут катары кармап турган рух байлыктарыбызды жоготуп алдык. Мораль дегредацияга учурады, товарга айланды. Бүгүн Таиландда 80 пайыз эркектер наркоман, алкаш, кылмышкер, аялдардын 90 пайызы сойку, наркоман. Мунун баары Батыш турмушунун зыяндуу таасири. Ыйман ыдырап, глобализация (ааламдашуу) агымы жеп койду. Ааламдашууда экономика утуш тапканы менен рух, маданият жаатында катастрофа болот экен. Айтайын дегеним, ыйманыңарды, маданиятыңарды бринчи иретте сактагыла дептир. Т.Бакир уулу ошол 1993-жылдан бери эле бул тууралуу айтып эле келатат. Эч көңүл бурулбай, тескерисинче, Турсунбай Бакир уулун аттуу-баштуу, жогорку эшелондогу аткаминерлер көр жемеге алышып, Таиланд деген эң бай өлкө, Чыгыштагы беш бай мамлекеттердин бири дешип чаң жугузпай коргоп турушту. Жакынкы жылдарда эле кайсы бир гезиттин  кабарчысы Таиландга барып өз көзү менен көрүп келип, “адепти жыйыштырып койгон өлкө” деген макала жазбадыбы?

-- Кайсы гезиттен барган экен?

-- Эстей албай атам. Ошол макалада Турунбай Бакир уулунун айткандары 100 пайыз чындык экени далилденбедиби. Бизди да ушундай тагдыр күтүп турат. Эртерээк ойлонбосок, эч жакка качып кутула албайбыз. Таиланддай болуп экономикабыз дүркүрөп өсүп деле кеткен жок. Маданиятыбыз акырындап талкаланууда. Бай өлкөлөрдүн адепти жыйыштырып коюп, дүнүйөкорлукка ооп кеткенин көрүп-билип турушуп эле өлкөбүздө алиге чейин улуттук идеология түзүлгөн жок. Улуттук маданияты адабият, илим, искусство начарлашы менен мамлекеттүүлүгү жоголуп бараткан (жоголгон) өлкөлөрдүн тагдырын, кайгылуу окуяларын тактап билген Япония, Кытай, Корея, Түркия, союздук өлкөлөрдөн коңшуларыбыз   Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Эстония, Литва, Латвия өлкөлөрү ааламдашууну жолотушкан да жок. Буларда мен жогоруда айткандай, улуттук маданиятына, өнөр адамдарына өзгөчө көңүл бурушуп, анын себебинен экономикасы өсүү жолуна түшүштү. Руханий жактан начарлаган өлкөлөрдө кайдыгерлик күчөп, ата-бабадан калган дөөлөттөрдөн айрыла баштаганы, экономикасы эч өспөй, тескерисинче начарлоонун үстүндө болору көп эле айтылып жатса да, биздин өлкөдөгү кайдыгерлик акыры түбүбүзгө жетет окшоп калды. Мындайда күчтүү улуттук идеология болбосо, элибиздин эл, улутубуздун улут катары сакталышы кыйынга турат. Баардык күчүбүздү азыр мамлекетибиздин келечеги болгон  жаштарыбызды тарбиялоого жумшашыбыз керек. Улут деп күйгөн жаштар, улуттун уңгулуу музыкасы, маданияты кан-жанына терең сиңген жаштардан гана чыгарын унутпасак. Идеологиянын кубаттуу куралы ушу музыка, маданият тарапта экендигин тымызын изилдеп билишкен душмандарыбыз эң катуу соккуну мына ушул тармакка уруп жатышат. Кол куушуруп отура бербей биринчи жаштарыбызды тарбиялоо системалуу түрдө болушуна жетишели. Эгерде туура тарбиялоону баштасак, он эле жылда жаңы муун пайда болот жана ушул муун кыргыз мамлекетибиздин келечегин, миңдеген жылдардан бери келе жаткан кыргыз көчүн татыктуу улап кетишет деп ишенем.


Сурат Жылкычиев

Aryba.kg






Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер