Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйгөн кызым бук болуп, экинчи кабаттан секирип кетти…

Сүйгөн кызым бук болуп, экинчи кабаттан секирип кетти…

28-апрель, 04:09
988 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Эссе ордуна)

Диана экөөбүз телефондон сүйлөшүп атканбыз. Жолукпаганыбызга үч апта болуп калыптыр. Ага улам эле барууну айтып, сөз берип, бирок кыстаган турмуш жеткизбей атты. Экөөбүз шаардын эки башындабыз. Чыгынсам бармакмын. Адаттагыдай, ал бир күн бою кетирбей коет. Анан үйгө келгенде аялым таарынат. Булкулдап. Баарын элестетип эле барууга дит барбай, тынч жашоону самап калгам...

Ошентип, телефондон кезектеги убадамды берип аткам, учуп жетүүгө бел байлап. Диана ыйлай баштады. Эреркеп кетти окшойт. Мен болсо сооротом. Бир маалда үнү үзүлүп кетти. “Дүңк” деген дабыш чыгып, муунуп ыйлап атканы угулду. Көрсө, экинчи кабаттан секирип кетиптир... Видеозвонок менен кайра чалдым. Жерде отуруптур. Соороттум. Угумдуу насааттарымды айттым. Кулакка тээп. Ордунан туруп басты. Буту аксайт, эти чоюлуп калса керек. “Ооруп атат” деди. Кайра элдештик. Сырдаштык. Мен ага жетмей болдум. Көөдөн берилет эй! Жүрөк баарына жетет... Ал эжеси экөө жашайт. Биз бири-бирибизге көнүшүп, жүзүбүз ачылып калган эле. Бир үй-бүлөдөй камыр-жумур аралашып...

Мен Дианага баратканда жагымдуу кыялданууга чөмүлөм. Анын татынакай ажары, балкыган денеси, төшөктө тентектиги, өтө энергиялуу, темпераменттүүлүгү дем берет да. Эртеси суутулган күлүктөй болуп, өзүңдү жеңил сезип каласың. Соктун баарын сыгып алса... Буюрса, саналуу сааттардан кийин дырдай жылаңач чечинип, Диананын жылуу койнуна кирип кетем. Таңга маалга чейин, ооз жабылгыча “оюн салабыз” дагы, андан соң кучакташкан тейде таттуу уйкуга кетебиз...

Баса, 2000-жылдары КМУУда окуп жүргөндө 5-жатаканадан Айзирек аттуу кызга ашык болуп (негизи бат сүйөм да), экөөбүздүн ортобузда айтып бүткүс роман башталганда, тилекке каршы, аягы аянычтуу болуп бүткөн. Ал үчүнчү этаждан секирген. Бак-шакка илинип, жерге орто салмакта түшүп, өлбөй калган болчу. Ошондон кийин анын ачуулуу, күтүүсүз кадамдарына чыдай албай, “куйрук түйүп” кеткеним ырас. Радикалдуу махабатын көтөрө албадым окшойт. Ошол күндөр эмнегедир жадыма ойноду... Айзирек кыркка чыгып калса керек. А мен баягыдай эле чыйрак, жаш бойдон...

Негизи этаждан секиргендерден жалкып калган жайым бар. Баштан өттү го. Сурагы жаман. Кепти алыстан башташып. Туш тараптан жаалашканда о-оо... Кирерге тешик таппай каласың... Бул саам да Диананы сооротуп, мерчемдүү убакыттан кийин барганы турам. Акыры мындан дагы кутулуш керек. Төшөк кумардын деле кызыгы сууп калат тура. Ал эми жүрөктү толкуткан, дене бойду чымыраткан сүйүүгө эртең деле жолугам. Эшикте жаз, көңүлдөрү наз кыздар көп эмеспи. Ыя?..

Кыян Сары

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер