Оппозицияны “кусуп” чыккан чиновниктер да колдошобу? Кыргызча “винегрет”...

Бир опурталдуу жагдай бар. Буга чейин коррупцияга, ар кандай кылмыштуулукка айыпталышкан чиновниктердин катары арбыган эле. Алардын баары бир сыйра камалышып, “кусуп” чыгышканы маалым. “Бийликке карата тымызын өчөшкөндөр” деп койсок болот. Убакыт өткөн сайын оппозициянын саны да көбөйүүдө. “Чаар баш” саясатчылар биримдикке келишип, каршылык көрсөтүүгө багыт алышты. Орточулдар да түзүлүүдө. Өзгөчө Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары активдүү иштей башташканы жөн жерден эмес го? Ошондо бийликке айбат көрсөткөндөргө түрмөдөн “кусуп” чыгышкан экс-чиновниктер, айрым депутаттар да ооп кетишеби? Ушул өңүттөгү жашыруун сүйлөшүүлөрдү кантебиз? Саясый талаа барган сайын кызып бараткандай. Ооба, сыртынан карасаң байкалбайт, бирок ичтен дүңүрөңдөп жатышканы кызык. Бир балээнин ичинен чыгышпайбы?..
"Азия Ньюс" гезити