Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Орозбай Абсатаров: “Мен өлүмдү коркунуч катары кабыл албайм”

Орозбай Абсатаров: “Мен өлүмдү коркунуч катары кабыл албайм”

08-ноябрь, 13:23
775 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткендин кулуну Орозбай Абсатаров кыргыз элиндеги кайталангыс сүрөтчүлөрдүн бири десек жаңылышпайбыз. Ал кино сүрөтчүсү. Живописчи жана графика жанрын дагы өнүктүрүп келүүдө. 

-- Өмүр, өлүм бул жалган дүйнөдө күн-түндөй жанаша жүрөт эмеспи? Бул темаларга кайрыласызбы?

-- Ансыз болбойт да. Түбөлүктүү улуу темалар. Жашоомдо мен өлүмдү анчалык деле коркунучтуу нерсе катары кабыл албайм. Адам жарык дүйнөгө жаңы жаралганда эле азаптар кошо төрөлөт. Азапка келет. Адам өлгөндө, тескерисинче, жаны жай алып, баардык азап-тозоктордон кутулат. 

-- Бейиш-тозокчу?

-- Бейиш-тозок өзүбүздүн жарыкчылыктагы жүрүм-турум, ой жүгүртүүлөрүбүзгө  байланыштуу Жараткандын жазасы же бейиши го... 

-- Леонардо да Винчи, Сальвадор Дали, Пикассолордун эмгектерине аялзаты чоң себепкер болгон. Сиздин картиналарыңызда улуу сүрөтчүлөрдүн жолу кайталанабы?

-- Ооба, адамзат жаралгандан эле аялдар чыгармачыл жандардын бүтпөс музасы. Чыгармачыл эмес адамдар бул сезимди анчалык деле жүрөгүнө терең кабыл албайт. Көрсө деле, сезсе деле баары үстүртөн. А чыгармачыл адам тереңге сүңгүй карайт. Менде деле мындай сезимдер болгон. Бул деген сулуулук да. Дега деген сүрөтчү барып эле балетте бийлеген аялдарды тарта берген. Ал аялдар Дегага чоң шык, күч берген.

-- Сизге ойлор, идеялар кайдан келет?

-- Кокустан пайда болот. Көрүнүштөр көзгө тартылып, көкүрөктөр буулугуп, жүрөктөр жараланып дегендей...

-- Кээ бир сүрөтчүлөр түшүнөн көргөнүн тартышканын айтышат го?

-- Андай учурлар болот. Менин түшүмө көзү өтүп кеткен апам көп кирет. Ар кандай болуп кирет. Кээде жарыкта адамга окшоп көрүнөт. Кээде материалдын артында турган сөлөкөтү көрүнөт. 

-- Жымжырттыкты жактырасызбы?

-- Жымжырттык... “Баардык музыкадан жымжырттыктын музыкасы жакшы” деген философтордун сөзү бар. Ың-жыңсыз ээн талаадагы жалгыз бозүй да жымжырттыктын ырын ырдап турат. Асман дагы, талаа дагы ошол жымжырттыктын обонун кайрыган бир ирмем.

-- "Диалог" деген картинаңызда тоолор сүйлөшөт экен...

-- Тоолор да сүйлөшөт. Жаныбалар менен, канаттуулар менен, адамдар менен сүйлөшөт. Тоолор да ыйлашат. Тоодой кайгыны жүрөктөрүнө батырып алып ыйлашат. Тоолор да кулашат...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер