Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев, “Ынтымак” фракциясынын лидери: “Инвесторлорго кепилдик берсек, электромобилдер келе баштайт”

Марлен Маматалиев, “Ынтымак” фракциясынын лидери: “Инвесторлорго кепилдик берсек, электромобилдер келе баштайт”

07-июль, 16:10
232 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен мырза, ар бир окуучуга планшет сатып берүүнү сунуштап жатасыз. Бул үчүн канча акча керек жана ал кимдин эсебинен каржыланат?

-- Аны айткан себебибиз, азыркы жаштарды көрүп атпайбызбы, уюлдук телефондон чыгышпайт. Ошон үчүн сабактарды окутууда заманбап технологияларды пайдалануу өтө маанилүү болууда. Ал планшеттер менен интернетке, сайттарга кирбейт, болгону ар бир сабакты кызыктуу өткөргөнгө шарт түзүлөт эле. Ал эми каражат жагына келсек, бул Акылбек Үсөнбековичтин кыялы болчу. Мен ага эстетип койдум. Негизинен аны грант менен алса болот. Окутууга, билим берүүгө эч бир мамлекет каражат аябайт. 

-- “Яндекстин” ордуна “KG таксини” уюштуруу идеясын кантип ишке ашырмакчысыздар? Себеби, “Яндекс” рынокту аябай ээлеп албадыбы?

-- “Яндекс” негизинен шаарды эле тейлеп жатат. А биз такси Кырызстан боюнча иштесин деген максатты коюп жатабыз. Бизде ар бир шаарда автобекеттер бар, бирок, тилекке каршы, алар жылына болгону 5 млн. сом эле киреше алышат экен. Бул өтө өкүнүчтүү. Эмне кылса болот? Автобекеттерде баардык инфратүзүмдөр түзүлгөн. Бүгүнкү күндө электромобилдерди өнүктүрөлү дейбиз, бирок алардын өнүгүүсү үчүн шарттар түзүлө элек. Мисалы, электрозаправкалар жок. Аларды ачканга кубаттуулук жетишпейт. Ошол эле учурда автобекеттердин баарында кубаттуулук бар. Демек, биз аларды пайдаланып, автобекеттердин баарында электр заправкаларын уюштурушубуз керек. Натыйжада, биринчиден акча түшсө, экинчиден, электромобилдердин өнүгүп-өсүүсүнө, эл тарабынан көбүрөөк пайдаланылышына түрткү болот. Электромобилге өткөндөн эл пайда гана табат. Анткени, электрдин баасы бензинге салыштырмалуу кыйла арзан. Мисалы, көлгө барыш үчүн болгону 200 сомдук заряд кетет. Бул транспорттун өтө арзан түрү болот! Анан ошонун алкагында биз таксилерди уюштурсак болот. “Яндекс” деле Кыргызстанга келип машина сатып алган жок. Ал болгону мобилдик тиркемени ачып, дүйнөлүк бренд компания болгондуктан, жакшы рекламалап, рынокту алып койду. Бирок, региондорго жүрбөйт. Ошондуктан, биз региондордон баштасак, бул жүргүнчүлөр үчүн да ыңгайлуу система болмок. Анан экинчи этап менен электромоблдерди алып келе баштообуз зарыл. Бул жерге акчанын кереги жок, инвесторлор келгенге даяр. Болгону биз аларга кепилдик беришибиз керек.

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер