Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Аяз Баетов өзүнүн кемчилигин билбей, башкаларды айыптоодо

Министр Аяз Баетов өзүнүн кемчилигин билбей, башкаларды айыптоодо

04-август, 21:07
316 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кызыкчылыктарды парламентте, өкмөттө сүрөөнчүлүккө (лоббировать) алуу  деген бар. Тегирменчилер “сырттан кирген буудайдан салык алынбасын” деген мыйзамды өткөрүшүп, өлкөгө миллиарддаган зыян келген. Азыркы өкмөттө “Батыштын саясатын жүргүзгөн, ошол жактан окуп, билим алып, ошолордун кызыкчылыгын коргогон эргулдар бар” деп айтып жүрүшөт. Ошондой батышчыл министрлердин бири Аяз Баетов. “Америкадан окуп келген” деп жерге-сууга тийгизбей мактап атып дайындашкан. Эми ошол Аяз Баетов эл аралык арбитраждык сотто Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой албай, Жогорку Нарын каскады боюнча “РусГидрого” 39 миллион АКШ долларын уттуруп коюп, өзүнүн кетирген кемчилигин, компетентсиздигин мойнуна албай, “депутаттар, саясатчылар ар кайсыны сүйлөй беришип, биз ошондон улам утулдук” деп  күнөөнү саясатчыларга оодарып, актанып турган кези. АКШчыл Аяз Баетовго суроо: Кыргызстан кайсы саясатчынын, депутаттардын эмне деп айткан сөздөрү үчүн “РусГидрого” уттурду?  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер