Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тоонун чокусуна унаасы менен чыккан жигит коктуга кулап каза болду

Тоонун чокусуна унаасы менен чыккан жигит коктуга кулап каза болду

29-апрель, 13:13
659 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чүй облусунда тоонун чокусуна унаасы менен чыккан жаран коктуга кулап, алган жаракаттарынан улам ооруканага жетпей каза болду. ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кырсык 28-апрелде саат 22:00дө орун алган.

"Аламүдүн районундагы Байтик айылынын Боз-Бөлтөк тоосунун чокусуна 1996-жылы туулган А.Ч. аттуу жаран Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаасы менен чыккан. Ал унаасы менен коктуга кулап түшкөн. Окуя болгон жерге 1 бөлүм тартылып, куткаруучулар жабыркаган жаранды коктудан носилка менен чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирок жабыркаган жаран ооруканага жетпей көз жумган", - деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер