Коронавирус жана пневмония дагы эки кишинин өмүрүн алып, 538 адамдан аныкталды

28-октябрга карата бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония дагы эки кишинин өмүрүн алып, 538 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды. Бир суткада илдеттен 414 киши айыкты.
Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1138ди түздү. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 57 миң 276га жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны 48 миң 637. Учурда 3479 бейтап стационарларда, 3488 киши үй шартында дарыланууда.
28-октябрда коронавирус медициналык беш кызматкерге жуккан. Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 3602ге жетти, алардын ичинен 3302 персонал айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 80ден ашты.
(ErN)