Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мавлян Аскарбеков: “Сөз эркиндигине күч колдонуу – туңгуюкка алып барат”

Мавлян Аскарбеков: “Сөз эркиндигине күч колдонуу – туңгуюкка алып барат”

29-октябрь, 09:00
437 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бир топ коомдук ишмерлердин, активисттердин камалганы кандай ой калтырууда? Бул зарыл беле?

-- Борбор Азия өлкөлөрү Россия Федерациясын эске алуу менен кыргыз мамлекети 30 жылда экономикалык өсүшкө, саясый стабилдүүлүккө ээ болбосо да, бир жетишкендикке ийгиликтүү жеттик десек болот. Бул – сөз эркиндиги жана күчтүү коомдук чөйрө. Жарандык чөйрөнү түзө алганга жетиштик. Россияда, Борбор Азияда, башка мамлекеттерде да мындай жетишкендик жок. Ошону эске  алуу менен бир нече президентти кууп, калыстык үчүн эл көчөгө чыгып, жанын аябай туруп бергенин, тажрыйба элде бар экенин билип туруп, бүгүн сөз эркиндигине каршы, коомдук ишмер саясатчыларга каршы жасалып жаткан куугунтук – бул кечээги күндөн сабак албагандыкты гана тастыктап турат. Сөз эркиндигине, активист, оппозиционерлерге каршы күч колдонуу менен эмес, жаңы методдор менен күрөшүү зарыл. Бул – дебаттар, аргументтер, фактылар. Эл алдында бийлик өзүнүн тууралыгын, калыстыгын ачык көрсөтүп турганда гана элдин ишенимине ээ болуп, оппозиционерлердин үнүн жокко чыгара алат. Ал эми күч колдонуп сөз эркиндигине чек коюп, оппозиционерлерди, активисттерди камай берүү – бул туңгуюкка алып келери шексиз. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер