Акыркы кабарлар
» Коом » Редькада суук тийгенде сакайта турган В жана С витамини бар
Редькада суук тийгенде сакайта турган В жана С витамини бар
10-май, 16:51
677 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Көп жылдан бери иммунитетти көтөрүү үчүн колдонулуп келип, бирок унутта калган жашылча – чамгыр (редька) экендигин фитотерапевт Михаил Лущик билдиргенин “Известия” басылмасы жазат.
Адистин айтымында, чамгырдын курамында ичеги-карындын иштөөсүнө өбөлгө түзө турган көп сандагы күкүрт бар. Ошондой эле ал организмдеги зыяндуу заттарды жууп кете турган күчтүү жашылча. Аталган азыкта адамга суук тийгенде сакайта турган В жана С витамини бар.
“Мурун балдарга жана чоңдорго чамгырдын ширесин берип, жылуу жаткырышкан. Кандай гана оору болбосун, эртең менен алар сакайып калышчу. Ал эми чамгырдын бал менен аралашмасы адамды дарылоо таасирине ээ” деп айтылат маалыматта. Мындан сырткары, чамгырда калий болгондуктан, ал ичегинин иштөөсүн ылдамдатат.