Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мадумаровду канчалык каралаган сайын рейтинги көтөрүлө берет

Мадумаровду канчалык каралаган сайын рейтинги көтөрүлө берет

21-июнь, 15:00
1 301 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аз күн мурда чуулгандуу Сыймык Жапыкеев: “Адахан Мадумаров Каркыраны казактарга сатып жиберген” деп кыйкырып чыкты. Бул эми эски пластинканы айлантып, күч органдарынын заказын аткарып атканы да, туурабыБашынан эле Жапыкеев Акүйдүн жашыруун долбоору катары иштеп, ортодон оозуна ээ боло албай чагымчылыкка алдырып, кылмыш иши козголгон. Кожоюндарына ого бетер колго түшүп берген эле... 

Натыйжада, шайлоого карай күч органдары Сыймыктын “антенасын болушунча бурап”, оппозицияга каршы окторултуп, ар нерсени сүйлөтөрү турган иш. Коомчулук деле бул жигиттин ким экенин түшүнүп калды. Баштагыдай реакция жок. (Бирок, пайдаланыш керек да.) Учурда Алмазбек Атамбаев, Равшан Жээнбеков баштаган лидерлердин таасири азайып, түрмөдө отурушат. Ал эми айбаттуу оппозиционер катары Адахан Мадумаров жалгыз гана бийлик менен күрөшүүдө. Эгерде ал Каркыраны казактарга чын эле сатып жиберсе (жомок сымал), кылмыш иши козголуп, эчак камалып кетмек. Логика бекен? Бул аныгында суу кечпеген каралоо! 

Ток этерине келсек, Адахан Мадумаровду канчалык жамандаган сайын рейтинги көтөрүлө берет. Себеби, коомчулуктун көзү ачылган. Учурда саясатчылардын басымдуу көпчүлүгү кошоматчылардын үйүр тобуна айланып кетишкен да. “Бүтүн Кыргызстандын” лидери гана эл эңсеген чындыкты айтып атат. Чыныгы оппозиция лидери болуу менен мекенибизге кызмат кылууда. Мындай шартта бийлик күрөшүүнүн эрежесин бузбай, пастыкка түшпөстөн багытын түз алса не? Карама-каршылык, сын пикир орун алган жерде өнүгүү, алдыга жылуу болорун түшүнүү абзел!

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер