Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кочкордун акими Курманбек Камчыев күрөө тамырды кармаганда

Кочкордун акими Курманбек Камчыев күрөө тамырды кармаганда

23-февраль, 09:00
4 272 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жума этегинде Кочкор айылына барып, аким Курманбек Камчыев мырзанын жарым жылдан ашып калган иштери менен жакындан тааныштым. Лейлектин кулуну Курманбек мырза Кочкорго аким болуп келерден мурда резервдеги аткаминер экен. Кыска аралыкта бир топ иштерди жасап жатканы жүрөк жылытты.

Курманбек мырзаны жергиликтүү эл жерибестен өз уулундай кабыл алып, эриш-аркак иштешип атканы байкалды. Өз учурунда аким да “бөлөк эл, бөтөн жер” деп чочулабастан билек түрө шымалана кызматын аркалап, бир топ иштердин башатын баштап коюптур. Туура тандалган кадр эң ириде приоритеттүү маселелерди алдыга сүрөп чыгарат эмеспи. Биринчиден, Кочкор айылын шаар макамына ыйгаруу боюнча тийиштүү тармактар, кызматтар менен тыгыз иш алып барып атыптыр. Маданиятты, спортту, туризмди буга чейинки аткаминерлер арткы планга жылдырып келген болсо, Курманбек мырза мына ушу талуу жердин күрөө тамырын кармап, бул тармакты өнүгүү жолуна салуу аракети күч экен. Жакынкы арада районду дотациядан чыгаруу камылгасы да ишке ашарына жакындап калыптыр. Аким менен болгон бир күнкү сапарымда жүрөгүм жылып, көөдөнүм көтөрүлүп калды. Азыркы президентибиз Садыр Нургожоевичтин колуна кол, бутуна бут, оорун колдон, жеңилин жерден ала турган патриот адамдарыбыздын бири экенине терең ынандым. Чейрек кылым биздин элди башкарган, тарыхта алтын тамга менен жазылган Турдакун Усубалиев агабызга эстелик тургузуп, бүтө жаздап калыптыр. Жакынкы арада ачылышы болоруна күмөн санабайм. Жолго чыгып атып, аксакалдык батамды бердим: “Эстелигин тургузуп аткан Турдакун агаңдай, эч болбоду дегенде Корчубек Акназаровдой, эң негизгиси кыргыз эли сыйлаган элдин уулу бол!” дедим.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер