Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрбек Текебаевдин мандаты өзүнө эмес, мамлекеттүүлүк үчүн керекпи?

Өмүрбек Текебаевдин мандаты өзүнө эмес, мамлекеттүүлүк үчүн керекпи?

24-июнь, 19:08
2 014 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

24.kg сайты “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алуу үчүн Биринчи Май райондук сотуна кайрылганын, процесс 25-июнга белгиленгенин жазды. Кызык жагдай. Чечмелейли. 

Алмазбек Атамбаевдин доорунда саясый тирештин айынан Өмүрбек Текебаев камалып, соттолуп, мандатынан ажыраган. Түрмөдөн чыккандан кийин акталуу аракеттеринде жүрүп, былтыр сот тарабынан депутаттык ордун кайрып алган эле. Көп өтпөй “Ата Мекендин” лидери жаңы бийликти сындоого алып, дагы ички оюндардын негизинде мандатынан ажырайт. Саясат сымап сымал бир ордунда турбайт эмеспи. Учурдагы бийлик төбөлдөрү Өмүрбек Текебаевден кеңеш алышып, көшөгө артынан жылуу мамиле өкүм сүрүп аткандан кийин, албетте, кайрадан мыйзамдуу негизде депутаттык ордун алууга мүмкүнчүлүгү бар. Каарманыбыз мурдагы кылмыш иштеринен толук кандуу акталганы ырас.

Буга чейин парламент “чимкирик” деңгээлине түшсө, учурда андан да майдаланып, улам тажрыйбасыз эл өкүлдөрү алмашып келип отуруп, баягы “аткананын” деңгээлине түшүп кетти. Тебише кетмейлер, маанисиз сөздөр көбөйүп, айтор, былжырбайлардын ордосуна айланып бараткандай. Мындай шартта Өмүрбек Текебаев сот аркылуу кайрадан мандатын алууга жетишсе, бийлик жана эл үчүн да пайдалуу болмок. Саясый, экономикалык кыйын кырдаалда бараандуу саясый күчтөр тирешип, ары-бери тартыша берүүдөн пайда чыкпайт. Кээде мамлекет үчүн бир пикирге келүү маанилүү.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер