Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «2021-жыл Кыргызстан үчүн оор жылдардан болот»

«2021-жыл Кыргызстан үчүн оор жылдардан болот»

14-январь, 00:20
5 467 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстан көп тараптуу саясат жүргүзүшү керек. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, экономиканы өстүрүү үчүн каражат керек. Ал эми инвестициялардын келишине шарт түзүү кажет. Бул багытта көп тараптуу өнүгүүдө Батыш ири каржылык колдоо көрсөтөт. 2021-жыл Кыргызстан үчүн оор жылдардан болот. Анткени жаңы бийлик бир катар реформаларды ишке ашырып, элге берген убадаларын аткаруусу зарыл. Андыктан бул жыл саясый окуяларга бай болот. Мындан сырткары, АКШ Россияны душман катары көрөт. Бул Россия менен жакшы ымалада болгон мамлекеттерге да көлөкөсүн тийгизет.

Кыргызстан президенттик шайлоодон соң, укук талаасына кирди. Эми парламенттик шайлоо өтсө, өлкө толугу менен укуктук талаага келет. Тажыбай 2021-жыл дүйнөдө коронавируска каршы эмдөө жылы болорун да кошумчалады. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер