Анжелика сүйүктүү мырзасынын берешендигин, адамгерчилигин мактады
Жакында ырчы Анжелика “Бактылуу айым” реалити долбоорунун беш жылдыгын белгиледи.
Анжелика маек берип жатып, юбилейдин укмуш сонун өткөнүн жар салып, о.э. жеке жашоосун элге алып чыкпай турганын кошумчалаган. Бирок, болбой эле сүйгөнү, жеке жашоосу тууралуу баары бир айтып өттү. Ал сөзүн мындайча баштады:
“Мен иштеп, атым чыгып турган сайын элдин оюнда мен эле боло берет экенмин. Мен атактуу болууну деле көздөбөйм. Балким мен эң атактуу инсанмын. Автоунаанын ичинен кыз көрүнүп калса деле Анжелика экен, көчөдө басып бараткан кыз деле Анжелика экен... Бул эң сонун! Балким Анжеликанын образын алып жүргөн кыз болушу мүмкүн. Ал эми автоунаадагы кыз башка экени белгилүү болду. Бирок бул хайп! Мен элдин көңүл чордонундамын, элди көңүл бурдура алам... Жеке жашоомду эч качан ачыкка алып чыкпайм, өзүмдүн ишимди жарнамалоону туура көрөм”,-деди.
Анжелика сүйүктүүсү анын жүрөгүн кантип багындырып алганына да токтолду: “Ал мырза берешендигин, адамгерчилигин, ишеничин көрсөттү. “Сен бир кылымда бир жаралчу айымсың” деген сөзүн айтып, мени багындырып алды,"- деди.
Aryba.kg