Акыркы кабарлар
» Саясат » Бакиевге 9 миллион долларды Жапаров менен Сулайманов топтоп бергенби?
Бакиевге 9 миллион долларды Жапаров менен Сулайманов топтоп бергенби?
22-март, 09:00
7 168 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌2010-жылы 7-апрелден кийин коргоо министри Бакыт Калыевдин банктагы эсебинен 9 миллион доллар чамасындагы каражат табылып, коомчулукка резонанс жараткан. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү байдын үйүн басып алгандай эле марышып, 4 миллион долларын будамайлашып, “түштүктү тынчтандыруу” шылтоосу менен жоготушканбы? Айтор, бул эбегейсиз сумманын анык отчётун эч ким тактай алган эмес. Агезде Бакыт Калыев камалып, бир жылдан соң эркиндикке чыккан. Тикелей маалымат боюнча, 9 миллион долларды Курманбек Бакиев шакиртине ишенгени үчүн каттырып койгону кабарланган эле. Кызык, Бакиев аны каяктан чогулткан? Жашыруун булактардын билдиргенине караганда, 9 миллион долларды андагы 1-вице-премьер Акылбек Жапаров менен транспорт министри Нурлан Сулайманов коррупциялык ыкмалар аркылуу топтоп беришкенби? Жооп кайтарышабы? Эмнегедир ушул сенсация ачыкталбай, “жабылуу аяк жабылуу бойдон” калган. Таңгаласың. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү “чыканактарына чейин малып” алышкандан кийин бири-биринин айыптарын ачпай калышканбы? Агездеги каржалган эл азыр деле жыргап кеткен жери жок. Кымбатчылык, жакырчылык кулачын жайып баратат. Ал эми Акылбек Жапаров өкмөттү жетектеп отурса, кеңешчиси Нурлан Сулайманов ири долбоорлордун үстүндө “майкандап” жүргөнү ойлондурбайбы? Акыйкат тебеленген заман бекен? Уф-ф...
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити