Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Быйыл Кыргызстанда 529 адам жол кырсыгынан каза болду
Быйыл Кыргызстанда 529 адам жол кырсыгынан каза болду
28-ноябрь, 13:24


Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында өлкө аймагында 4500дөн ашык жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 529 адам көз жумган.
КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2018-жылдын тогуз айында 4179 автоунаа кырсыгы болсо, быйыл бул убакыт аралыгында анын саны 4691ге жетти.
Башка облустарга салыштырмалуу авариядан Чүй, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарынан көп адам көз жумган.
Эске салсак, өткөн жылы өлкө боюнча 5995 жол кырсыгы болуп, анда 716 адам каза болгон.
Aryba.kg