Кубанычбек Исабеков: “Канча тонна алтын алынды, бюджетке кеттиби, каякка жумшалууда?”
-- Кубанычбек ага, Кумтөр маселеси эмне болду? Аягына чыктыкпы, мындан ары кандай тагдырды көрүп жатасыз?
-- Ачыгын айтканда, Кумтөрдү алгандын моралдык, намыстык жана бюджетке тыйын түшкөн жагынан да өткөн жылдын жыйынтыгында биз уттук. Анүстүнө чет элдиктер кожоюн болбой, өзүбүз ээлик кылганыбыз жакшы жышаан. Элдин ырыскысына жаралган байлык келечегибизге иштеш керек. Ошол эле маалда “Центерра” баардык соттошууларын бүтүндөй чакырып алмак болду. Кыргыз өкмөтү да ушундай кадамдарга барып, баардык маселени тынчтык жолу менен чечкенге жол ачылды. Дагы толуп жаткан жакшы жактарын айта берсек болмок, бирок, баары эле телегейи тегиз чечилген жок. Жеке өзүмдүн оюмда, кыргыздын жараны катары, биздин Кумтөрдүн эсебинен “Центерра” компаниясы багылып келген, бул компаниянын Канадада, Тывада, Монголияда, Түркияда алтын кендери казылып турчу. Тилекке каршы, булардын баарын өткөрүп бергенге байланыштуу бир топ акчалардан куру калдык. Демек, биз төрт мамлекеттеги кенден кол жуудук да. Башкасына келсек, жазында эле 770 миллион АКШ доллары турган акцияларыбыз бар эле, мындан да куру калдык. Бул жактарын да эске алыш керек. Мындан сырткары, Кыргызстандын соту Кумтөр компаниясынан экологиялык мыйзамды бузгандыгы боюнча 261 719 000 000 сом айыпка жыккан. Мындан да айрылдык. Болору болду, боёосу канды.
Эми биздин өкмөткө каалоо-тилек айтар элем: жамандыр-жакшыдыр Кумтөр кени буга чейин бизге отчет берип турчу. Эми биз колго алгандан кийин андан канча тонна алтын алынды, бюджетке кеттиби, башкасы каякка жумшалууда? Бул боюнча (бир грамм алтынына чейин) маалымат берилип турса сонун болмок. Бир жарым жылдан ашты, маалыматтар эмнегедир чыкпай жатыптыр. Элде кандайдыр бир бүдөмүк ойлор жарала берет, ушуну азыркы өкмөтүбүз эске алсын!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити