Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Мамытканов: “Малдын сыртка чыгарылышы, ортомчулардын көптүгү эттин баасын өстүрүүдө”

Бакыт Мамытканов: “Малдын сыртка чыгарылышы, ортомчулардын көптүгү эттин баасын өстүрүүдө”

26-август, 00:58
989 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эт өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт мырза менен учур көйгөйүнө жараша маалымат алдык. 

-- Эттин баасы барган сайын көтөрүлүп баратканы коомчулукта талкуу жаратууда. Ушул боюнча сиздин пикириңизди уксак?

-- Кыргызстанда эттин баасы акыркы айларда кескин өсүп, бул маселе калкты ойлонтуп жатат. Бул көрүнүш Борбор Азия мамлекеттеринде, кошуна өлкөлөрдө да байкалууда. Казакстанда жана Өзбекстанда эттин баасы Кыргызстанга салыштырмалуу кымбат. Маселен, Өзбекстанда койдун эти 1200 сомдон сатылып жатканы белгилүү болду. Башка кошуна өлкөлөрдө да эттин баасы бизден бир топ жогору баада. 

Биздин өлкөдө мал чарбачылыгы негизги тармактардын бири болгону менен тоюттун кымбатташы, малдын сыртка чыгарылышы жана ортомчулардын көптүгү эттин баасынын туруктуу өсүшүнө алып келүүдө. Эт азыктары калктын күнүмдүк керектөөсү болгондуктан, бул маселе социалдык мааниге ээ.

Кытай дагы ар кандай экономикалык себептерден улам соңку жылдары Кыргызстандан эт алып кетүүгө кызыкдар экенин билдирип келет. Эгерде экспорт күчөп кетсе, ички рынокто эт тартыштыгы жаралып, баа дагы да жогорулашы мүмкүн. Ошондуктан эксперттер өкмөт эт экспортун баланстап, биринчи кезекте ички керектөөнү камсыз кылышы керек деп белгилешет.

    -- Өкмөт алдын ала чараларды көрүшү керек го?

-- Бүгүнкү күндө эт маселеси Борбор Азия боюнча жалпы көйгөйгө айланып, жыл санап керектөөчүлөрдүн саны өсүүдө. Кыргызстан бул жагдайда кошуналардан сабак алып, мал чарбачылыгына колдоону күчөтүп, ички рынокту биринчи орунга коюшу зарыл. Болбосо, эт баасынын өсүшү элдин жашоо-турмушуна олуттуу таасир эте берет.

-- Сиздердин аракеттер кандай болууда?

-- Биз эт өндүрүүчүлөр ассоциациясын түзүп, элге өтө керектүү иш-чаралардын планын түзүп жатабыз. Жакынкы аралыкта жүзөгө ашчу жаңылыктар менен сиздер аркылуу бөлүшүп турмакчыбыз.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер