Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлнара Баатырова: “Биринчи айым Айгүл Жапарова менен сыймыктанам”

Гүлнара Баатырова: “Биринчи айым Айгүл Жапарова менен сыймыктанам”

20-июнь, 19:30
2 714 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саламаттык сактоо министри менен маек.

-- Гүлнара айым, “Тек-Имаш” түрк компаниясы куруп аткан “Эне жана баланы коргоо” перинаталдык борбору былтыр күз айларында өзүнүн бейтаптарын кабыл ала баштайт” деген маалымат бар эле. Азыркы кезге чейин ишке кирбей турат. Анын эмне себептери бар? 

-- 2022-жылдын 7-сентябрында Жогорку Кеңешинин элегинен өттүм. 9-сентябрда президент Садыр Нургожоевичтин мени бекитүү боюнча жарлыгы чыкты. Жумушту баштап, долбоорлорго көңүл бурсам, көптөгөн иштер токтоп калган экен. Биринчи багыттагы жумушубуз катары кургак учукка каршы шаардык оорукана пайдаланууга берилди. Анын бүт жабдууларын койдуруп, 2023-жылы февраль айында ишке киргиздик. Ал эми азыркы тапшыра турган долбоорубуз сиз айтып аткан перинаталдык борбор болуп эсептелет. Учурда жумуш активдүү жүрүп жатат. Медициналык жабдууларга тендерлер өткөн. Мунун баары Германия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып атат. Алардын атайын шарттары, талаптары бар. Булар бизге көз каранды эмес. Буюрса, сентябрь айында медициналык жабдуулар келет. Ал эми медициналык эмес эмерек жана башка жабдуулардын баардыгы четинен келип атат. Сырткы жумуштары бүттү. Ысык, муздак суу кирди, электр трансформаторлору коюлду. Ооба, жумуш жылбай аткандай сезилиши мүмкүн, бирок бир орунда турган жок. “Балдардын ден соолугун карабасак, эртең кандай муунга ээ болобуз?” деген суроо абдан курч мааниде...

-- Акыркы кезде жаш балдардын сокур ичеги оорусу күч алууда. Жадагалса балдар хирургия бөлүмүндө койкалар коридорго чейин коюлуп атканы байкалат. Бул жагдайды кандай түшүнсө болот?

-- Мунун баары балдардын туура эмес тамактануусунан келип чыгууда. Туура тамактануу бизде жок. Бул багытта республикалык ден соолукту чыңдоо борбору менен бирге туура тамактануу боюнча атайын программа жасалып атат. Жаңы төрөлгөн баладан баштап, биздин улуу муундун адамдарына чейин туура тамактануунун жол-жоболору биздин шартта иштелип баштады. Ошол максатта Хорватия мамлекетинде өткөн иш-чарада көтөрүлдү. Учурда биздин балдар фаст-фуддарга, газдалган суусундуктарга ыктап атышат. Мунун баары алардын организмине терс таасирин тийгизүүдө. Жеке эле балдар хирургия бөлүмүндө эмес, Жалдагы балдар ооруканасында да бейтаптардын саны аз эмес. Алардын басымдуу бөлүгү Чүй боорунан жана республиканын алыскы райондорунан келип атканы байкалууда. Негизинен, балдардын саламаттыгына абдан көп көңүл буруубуз кажет. Балдар ооруканалары бизде жетишсиз, жаңы, заманбап медициналык жабдыктары, инфраструктуралары менен камтылган ооруканаларды курушубуз керек. 

-- Коомчулукта “азыркы саламаттык сактоо министри президенттин жубайы Айгүл Жапарова менен подружка экен” дешүүдө. Буга эмне дейт элеңиз?

-- Эми ушинтип айтышат экен да (күлүп). Айгүл айым абдан жакшы адам. Мүнөзү, жөнөкөйлүгү. Кээ бир адамдар “подружка” деп чыгарып атышат окшойт, ал киши менден кичүү. Аны менен жумуш жагынан гана мамилем бар. Кызматым боюнча Айгүл айым менен эки жолу иш сапарда болдум. Бирок, дос болгонго абдан татыктуу айым. Биздин ошондой биринчи айым бар экенине сыймыктанам. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер