» Саясат » Эң популярдуу адамдардын алдыңкы сабында – Райымбек Матраимов!
Эң популярдуу адамдардын алдыңкы сабында – Райымбек Матраимов!
31-август, 21:08
557 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Жеңил-желпи блогерлер маалыматтык айдыңды убактылуу ээлеп алышып, аларга батышчыл ЖМКлар кошулушуп, ар кандай арзыбаган көрүнүштөрдү чуулдата берүү көндүмгө айланганы ырас. Элдин маанайын бурууга, адаштырууга жандалбас урушканы кандай? Мисалы, бир жыл ичинде Райымбек Матраимов муфтияттын имаратын заманбап талаптарга ылайык куруп берип коюптур. Сүйүнүшпөйбү? Кылымдарга кала турган имарат катары бааланууда. Жо-ок, баягы эле нааразы болгон тараптар, бактысыз жазмакерлер чуулдап чыгышты. “Эски пластинкалары” айланбай калса да айкырып жатышат. Анан калса, “Райымбек Матраимов менен эмнеге сүрөткө түштүң эле?” дешип блогерлер суроо салышканы күлкү келтирди. Кыкеңдердин кайсы бир бөлүгү акылдан азып баратышканы, ички дүйнөнүн кризисине кабылышканы ушул тура. Өлкөдө башка олуттуу көйгөйлөр жокпу? Азыр баардык тармактардын абалдары начар, кризистик шартта экени талашсыз. Тилекке каршы, айрым журналисттердин, блогерлердин терең маселелерди талдоого акыл парасаттары, билим, тажрыйбалары жетишпей, аксап калышканбы? Тек гана даңктуу инсандарга чырмооктой жармашууну адатка айлантышты. Айталы, Райымбек Матраимов өлкөдөгү эң популярдуу адамдардын алдыңкы сабында экен. Аны сөз кылуу менен “окурман”, “көрүүчү” жана “лайк” топтоо машакаттарына күбө болдук. Ичи тар, кычытма, мурдунан алысты көрө билбегендер айланабызда жүргөндөрү өкүнүчтүү. Ошон үчүн беш кол тең эмес да...