Эрмек Усекеев атактуу №61 мектептин директору болду
Мектеп директорлорунун конкурсу биздеги билим берүүнүн абалын, мугалимдердин билим дегээлин жылаңачтап көрсөттү. Өлкө боюнча 966 мектеп директорунун орунуна эки миңден ашык талапкер документ тапшырып, 1371 талакердин документтери кабыл алынып, сынакка катышты. Алардын 35 пайызы гана тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүшүп, директорлук орунга дайындалышты. Ал эми талапкерлердин 65 пайызы сынактан өтө алышкан жок. Ошонун кесепетинен азыркы учурда өлкөдө 600 мектеп директорунун орду бош. Бул албетте кейиштүү көрүнүш, мугалимдердин билим деңгээли укук, башкаруу мыйзамдары боюнча өтө төмөн экенин, дегеле алардын жалпы билим деңгээли да жакшы эмес экенин тастыктаган бул көрүнүш, мугалимдик кесипке даярдап жаткан ОшМУ, ЖАМУ, БАТМУ, Нарын, Талас ж.б. университеттерде билим берүү жакшы болбой жатканын алаканга салгандай аныктап турат.
Бишкекте 17 жыл директор болуп иштеген №48 мектептин директору конкурска катышып өтүп кеткен, ал эми атактуу №61 мектептин директорунун бош орунуна Ж.Баласагын атындагы университеттин юридика факультетинин деканынын орун басары Эрмек Усекеев конкурста жеңип, иштей турган болду. Кантсе да Бишкектеги деңгээл менен аймактардагы деңгээл башка экендиги ушул конкурста айкын көрүндү, анткени Бишкектин мектеп директорлорунун бош орундарына конкурсанттардын 65 пайызы өтүп, 35 пайызы 2-турга калды.
"Азия Ньюс" гезити