Айбек Мырза, жарандык активист: “Көчүрүлгөн мыйзамды окубай туруп кабыл алып жибергендери өтө коркунучтуу”
ЖК депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуштаган майзамдар тууралуу бир топ терс пикирлер айтылды. “Жогорку Кеңештин айымдарынын беш жыл отуруп эптеп даярдаган мыйзамы Фейсбукту жок кылат окшойт” деген да ойлор айтылды. Ушундан улам башка өлкөнүн мыйзамын көчүрүү, плагиаттык иштер тууралуу жарандык активист Айбек Мырзага собол салдык.
-- Айбек мырза, акыркы убакта айтылып жаткан депутаттардын мыйзам көчүргөндөгү плагиаттык иштери тууралуу кандай пикирдесиң?
-- Мыйзамдарды ар кайсы мамлекеттерден идеясын, өзөгүн алсак, дүйнөлүк тажрыйбаны колдонсок болот. Бирок, маселе ошону толугу менен ошол бойдон эле уурдап же көчүрүп албай, кыргыз элинин менталитетине ылайыкташтырып, концепциясын алып иштеп чыгуу керек. Анткени дүйнөлүк тажрыйба бизге керек. Россияныкыбы, Украинаныкыбы, же Грузияныкыбы, айтор, күчкө салып көчүрүп алып чыккан болбойт. Анткени биз эгемендүү мамлекетбиз. Башка өлкөнүн саясатчылары таңуулаган мыйзамдарды эч качан кабыл албаш керек. Өзүбүздүн көз караш, пикирибиз, эмгегибиз болушу зарыл.
Депутаттар ошол мыйзамды биринчи өздөрү түшүнүшү керек. Булар болсо өздөрү түшүнбөй туруп көтөрүп чыгышууда. Экинчиден, окубай туруп кабыл алып жибергендери андан да коркунучтуу. Анан аягында “билбей добуш берип коюптурмун” деген сөз болбошу керек. Ар бир добуш, мыйзам мамлекеттин тагдыры, алты миллион элдин келечеги. Ошондуктан жоопкерчиликтүү мамиле талап кылынат.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА