“Үч балам менен үйлөнбөгөн балага турмушка чыктым”
Аллага ыраазымын. Бир убакта жашоом кыйындап, күйөөдөн үч балам менен ажырашкам. Кайнатам “үч бала менен сени эч ким албайт, төркүнгө батпайсың” деп кулагыма куюп, сиңирип койгон. Ошол сөздөргө жүрөгүм ишенип бүтүптүр. Көрсө, ал убакта өтө жаш экем.18 жашымда турмушка чыгып, өзүм бала убагымда балалуу болуп, оорукчан болдум. Ошондой күндөрдүн биринде галошумду сүйрөп, үйдөн биринчи жана акыркы чыгышым болду. Жашоого болгон көз карашым баягы кайнатамдын айтканы менен “мени эми ким алмак эле?” деп жүрдүм. Ошондой күндөрдүн биринде бир жигит жолукту, сүйлөшүп жүрүп, бир жыл дегенде баш коштук. Мен анын биринчи никесимин, ал мурда үйлөнбөгөн. Коркуп жүрдүм, “ата-энең кандай кабыл алат?” деп. Ал “коркпо, биздин жашоого эч ким аралашпайт” деп сөз берген. Айткандай эле жашообуз тынч, үч балама ата болуп тарбиялап келет. Учурда Кудайга чексиз шүгүр кылып жашайм. Азыр беш баланын энесимин. Эмне себептен ажырашканымды жазгым келбеди, себеби ал күндөр артта калды. Өткөн менен жашабай, жаңы, жакшы ой тилектер менен жашагым келет.
Жыпара