Октябрь окуяларынын катышуучулары Үмүтбекти эскеришти

2020-жылдын октябрында жараат алгандар жана активисттер 5-октябрда Бишкекте чогулушту. Алар бир жыл мурдагы нааразылыктар учурунда көз жумган Үмүтбек Алтынбек уулун эскерип, куран окушту.
Жабыркагандардан түзүлгөн “Кыргыз үмүтү” уюмунун төрагасы Сыргак Сакыбаев “Азаттыкка” чогулгандардын талабын айтты.
“Биздин талап – бул люстрация. Бир жыл ичинде эч кандай өзгөрүү болгон жок. Канчалаган балдарыбыз мунжу болуп, энелердин көз жашы акты. Мамлекеттен жардам болбоду. Биз ал күнү адилетсиздикке каршы чыккан элек”.
Аталган уюмдун 170 мүчөсү бар. Саламаттык сактоо министрлиги октябрь окуяларында 1247 адам жараат алганын билдирген. Бирөө каза таап, 287си ооруканага жаткырылган, калганы үйдөн дарыланган. Расмий маалыматка ылайык, жарадар болгондордун баары дары-дармек менен камсыз болуп, эскпертиза дайындалган. Майып болуп калгандарга ай сайын социалдык жөлөк пул чегерилген.
2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо болгон. Бул жараян ыплас өткөнүн айткан саясый партиялардын мүчөлөрү жана жарандык коом эртеси күнү Бишкекте нааразылыкка чыккан. Милиция менен кагылышууда жүздөгөн адам жараат алып, Үмүтбек аттуу 19 жаштагы улан кулак тундуруучу жардыргыч жарылганда катуу жараат алып көз жумган.
Бийлик Үмүтбектин үй-бүлөсүнө Бишкектен батир берүүнү убада кылган. Бирок, убада дээрлик бир жыл бою ал аткарылган эмес. Президенттик аппарат буга мэриянын айрым кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз мамилеси себеп болгонун айтып, батир жакынкы арада берилерин билдирген.