Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Орусиянын Президенти Владимир Путин 67 жашка толду

Орусиянын Президенти Владимир Путин 67 жашка толду

08-октябрь, 09:02
607 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Владимир Путин 7-октябрда адаттагыдай эле туулган кунүн жакындары жана туугандары менен майрамдоодо. 

Мисалга, 2014-жылы ал туулган күнүндө эс алуу алып, цивилизациядан алыс,  сибирдеги тайгага кетип калган. Путин 2015-жылдагы туулган күнүндө Түнкү хоккей лигасынын матчында муз үстүнө чыккан. 

2008-жылы өкмөт башчы болуп турганда Владимир Путин 2 айлык  бала жолборс белекке алган (берген адамдын аты ачыкталган эмес).   Путиндин айтуусунда, бул анын өмүрүндөгү эң оригиналдуу белек болгон. 

2013-жылы туулган күнүндө  орус лидери Азиялык-Тынчокеандык экономикалык кызматташтыгы саммитине катышуу үчүн индонезиялык Бали аралында болгон.  Жалпы жолугушуунун жүрүшүндө Кытай лидери Си Цзиньпин башында турган  саммитке келген өлкө башчылары Путинди өзүнчө бөлмөгө чакырышып, гитаранын коштоосунда Happy Birthday to You ырын ырдап куттукташкан. 

Кечирээк, эки тараптуу жолугушууда Япониянын премьери Синдзо Абе Путинге саке белек кылса, КЭРдин өкүлү – торт белек кылган.

2017-жылы эң оригиналдуу белек бергендер Италиянын мурунку премьери Сильвио Берлускони жана Түркменстандын президенти Гурбенгулы Бердымухамедов болгон.

7-октябрда Сочиде орусиялык президент менен италиялык саясатчынын жолугушуусу болуп, кесиптеши Путинге колго токулган одеял белек кылган. Одеялда  Василий Блаженный  Колизей соборунун фонунда кол алышып турган В.Путин менен С.Берлусконинин сүрөтү түшүрүлгөн. 

Сочидеги эки тараптуу жолугушууда Түркменстандын президенти Владимир Путинди куттуктап, Верный деген ысымдуу алабай күчүктү белек кылган. 

Аryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер