Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанар АКАЕВ, эркин депутат: “Жогорку Кеңешти түп тамырынан жаңылоонун жолун сунуштадык”

Жанар АКАЕВ, эркин депутат: “Жогорку Кеңешти түп тамырынан жаңылоонун жолун сунуштадык”

08-ноябрь, 13:56
774 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Парламент депутаты Жанар Акаев менен жакында эле Улуу Британиядагы атактуу Оксфорд университетине болгон сапары, шайлоо мыйзамдары жана кылмыш дүйнөсүнө айтылган сын-пикири тууралуу маектештик. 

-- Улуу Британиянын парламентинин депутатынын жупуну кабинетин интернетке жарыялап, баарыбызды тагалдырдың. Чын эле алардын эл өкүлдөрү, отурган кабинеттери абдан жөнөкөй, жупуну бекен?

-- Мен ушул сүрөттү атайын интернет баракчаларыма жарыяладым, өзгөчө биздин жаштар ошону көрсүн да. Жетекчи болуу, депутат болуу – отурган креслоңдун чоңдугу же кабинетиңдин кооздугуна карап эмес, жасаган ишиң, сүйлөгөн сөзүң маанилүү экендигинин белгиси ушул. Болбосо эмне, Улуу Британиянын парламентинин чоң столдорго, чоң креслолорго акчасы жетпейт дейсизби? Аларда баары жупуну, велосипед менен жумушка баруу же көчөдө баратып эле сендвич менен түштөнүп алуу күнүмдүк жашоодогу эле кадыресе көрүнүш. Чоңсунуу, жумшак, анан чоң булгары креслодо отуруу, кабинеттерди коздоо – бул эми Борбор Азия өлкөлөрүндө жакында өзгөрбөй турган адат го. Керек болсо бир ишканага жетекчи болуп бирөө дайындалса, жердештери же достору кымбат баалуу булгары кресло белек кылышарын угуп жүрөбүз, бул өтө эле аша чапкандык. Ал эми сүрөттөгү депутат Боб Стюарттын иш бөлмөсү эле. Мен ошону сүрөткө тартып чыгарарымды айтсам, ага абдан таңгалычтуу болду, «ушунун эмнеси кызыктуу?” дейт. “Бул бизге чоң эле жаңылык” деп күлдүм. 

-- Эми дүйнөдөгү эң тарыхы бай парламент бул Улуу Британиянын парламенти эмеспи. Дагы кандай айырмачылыктарды байкадың?

-- Мыйзам чыгаруу ишмердигинде чоң айырма бар экен. Мисалы, өткөн жылы Улуу Британиянын парламенти болгону жыйырма бештей мыйзам кабыл алышыптыр, бул жылы болсо Евробиримдиктен чыгуу маселеси көп талкуу болгон үчүн бир жылда караган мыйзамдары андан да аз. А биздин Жогорку Кеңеш өткөн жылы эки жүз элүүдөй мыйзам кабыл алганбыз. Мыйзам кабыл алуунун саны көп, сапаты жакшы болбой жатат. Бизде көп мыйзамдар шашылыш кабыл алынып, кесепетин кийин көрүп, кайра өзгөрткөн учурлар өтө эле көп кездешет. 

-- Оксфорд университетинде жаштардын башын бириктирген чоң жыйынга катышып келдиң. Талкуунун өзөгү эмне болду?

-- Эми жетимиштей өлкөдөн жаш саясатчылар, жетекчилер чогулуп, жаштардын саясаттагы орду: “Улуу муундан эмнебиз менен айырмалабыз? Жоопкериликти ала алабызбы?” деген маселелер талкууланды. Ошондой эле экология, климаттын өзгөрүшү сыяктуу глобалдуу маселелерге көңүл бурулду. Малайзиядан 25 жаштагы министри келди, Шотландиянын жапжаш каржы министри, жаш депутаттар, журналисттер болду. Албетте, мен үчүн азыр тажрыйба абдан маанилүү эмеспи. 

-- Эми Кыргызстанга келсек. Өткөн жума криминал кадимкидей баш көтөргөнүн айтып, өкмөт менен кайым айтышууга чейин бардыңар. Бийликтин реакциясы кандай болду? 

-- Ишкерлерге биринин артынан бирине кол салуу болду, кол салуу эле эмес, мыкаачылык менен өлтүрүү болду, тилекке каршы. “Кылмыш дүйнөсүнө бирөөсү салык төлөбөй койгон” деген маалыматтар бар бизде. Өкмөт болсо “карайбыз, териштиребиз” деп отурат. Териштирип эмне кыласыңар? Кылмыш дүйнөсүндө жүргөндөрдү азыр 10-класстын окуучусу да айтып берет, фамилия атынан бери. Четинен түрмөгө отургузуп, жоопко тартып, жазасын бериш керек. Буга каражаттын да кереги жок, саясый эрк керек. Ошону трибунадан айтып чыксам, өкмөт кайра мени беттен алды. ИИМ буга көз жумбашы керек, ушундай окуялардын болуп жатканын, криминал ишкерлерге проблема жаратып жатканын билип туруп, азыркы министр да кебелбей отурганы өкүнүчтүү. Бирок, биз өкмөттү криминал менен күрөшкөнгө мажбур кылабыз. Кыргызстандан ири суммадагы акчалар чыгып жатканын мен факты менен айтып бердим го?!

-- Шайлоо мыйзамын да өзгөртүү демилгесин көтөрүп, коомдук талкууга алып чыктыңар. Ал мыйзам өтсө эмне өзгөрөт?

-- Бүтүндөй система өзгөрөт, Жогорку Кеңеш жаңыланат, сапаттуу өкмөт куралат. Исхак Масалиев экөөбүздүн сунушубуз ушундай: шайлоочулар партияга эле эмес, партиянын ичиндеги талапкерлерди да тандасын. Өзүнө жаккан адамдарга добуш берип, жакпаган талапкерлерди өткөрбөй койсун. Азыр ким депутат болорун партия лидери чечип жатат, биз ошол тандоону партия лидерине эмес, элге берели (!) деп жатабыз. “Депутат болом” дегендер бир лидерге кошомат кылбай, элге кошомат кыла тургандай системаны сунуштоодобуз. Азыр “партия лидеринин көңүлүн тапсам, эл менен тыгыз иштебесем деле эмки шайлоодо да буюрса депутат болом” дегендей ойдо жүргөндөр жок эмес. Биз партиялык системаны сактап калабыз, бирок партиянын ичинен да таза, эл колдогон саясатчылар суурулуп чыгып, коомго жек көрүндү, ар кандай жаман сөз ээрчиген талапкерлер шайлоодон жыгыла турган кылышыбыз керек. 

-- Эми бул мыйзамыңар өтөбү? Айрым фракциялардын лидерлери бир аз чочулап жатышыптыр деп угуп жатабыз.

-- Бул мыйзамдан лидерлер чочулабай эле койсо болот. Анткени, ар ким өз рейтингин, коомдогу колдоосун так билип жүргөн жакшы. Лидерлерге бул, тескерисинче, жакшы мүмкүнчүлүк берет, анткени, мурдагыдай “нан урсун!”, “туз урсун!” деп карганбай эле, элдин добушу дароо ким парламентке өткөнүн, канча добуш алганын конкреттүү аныктап коёт. 

-- Өзүң кайсы партия менен шайлоого барайын дейсиң? Сүйлөшүүлөр жүрүп жатса керек?

-- Албетте, саясый партиялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Бирок, мен али чечим кабыл ала элекмин. Убакыт бар.


Керим МУРАС

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер