Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медеткан Шеримкулов: “Президент коррупцияга болгон күрөштү катуу баштады”

Медеткан Шеримкулов: “Президент коррупцияга болгон күрөштү катуу баштады”

26-август, 18:00
1 940 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы келатат. Бул жылдары биздин өлкө эмнеге жетише алды, эмнени эптей албадык? Мына ушу боюнча коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов агабыздан эки ооз кеп.

-- Биз кыргыздар, кыргызстандыктар 30 жыл мурда өзүбүздүн эгемендүү, көз карандысыз суверендүү, демократиялуу Кыргыз Республикасын түздүк. Биз мамлекетибиздин жөн гана атын атап койбостон экономикалык, финансылык, социалдык, саясый фундаментин тургуза алдык. Бул жылдар аралыгында үч жолу мамлекеттик төңкөрүш жасап, үч президентти куудук, кан төгүлдү. Бирок, бүгүнкү күнгө жетип отурабыз. Баштан бир топ кыйынчылыктар өттү. Кыргызстандын түндүгүн бир жакка, түштүгүн бир жакка берип, башка мамлекеттерге кошуп коюу (!) деген опурталдуу тамашалар (чындыгына жараша) ишке ашпастан, канчалык кыйынчылык болбосун биздин мамлекетибиз фундаментин, биримдигин сактап калдык. Бул биздин жетишкендигибиз болду. Ал эми 30 жыл ичинде бийликти басып алуу, өзгөртүп коюу, мамлекеттик төңкөрүш жасап жиберүүнү өнөкөткө айлантып ийдик. Экинчи кемчилигибиз катары өлкөдөгү коррупцияны айтсак болот. Эгемендик алгандан бери бир да президентибиз коррупцияга малынбай кеткен жок. Ушунун баары мамлекеттин өнүгүшүнө кедергисин тийгизбей коё албады. Жаңы келген президент коррупцияга болгон күрөштү катуу баштап отурат. Эгер ушу багытта жемиштүү иштерди жүзөгө ашыра турган болсо, эң ириде баардыгына бирдей мыйзамдын негизинде болуу керек. Тартип, өзүнүн системасы, багыты болгон оң. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер