Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынар Үмөталиева: “Бегалиев 1 миллион долларлык аспаптарды сатып жиберген”

Чынар Үмөталиева: “Бегалиев 1 миллион долларлык аспаптарды сатып жиберген”

19-июль, 23:06
1 518 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чынар Үмөталиева-Баялиева, маданият таануу илиминин доктору, музыка изилдөөчү-теоретик, кадимки Темиркул Үмөталиев агабыздын небереси менен чакан маек курдук. Эжебиз Кыргызстанда жападан жалгыз Москвадагы П.Чайковский атындагы консерваториянын композитор-музыка изилдөө факультетин аяктаган аял адамы. Мындайча айтканда, академиялык музыканын тилин сууруп, тишин чаккан өтө жогорку деңгээлдеги адис десек жаңылбайбыз. Биз бирден-бир профессионалдык музыкант адистерди даярдай турган К.Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын тегерегинде сөз кылдык. Анын ректору Муратбек Бегалиевдин ишмердигине ал ортодо сын пикирлер айтылып кетти. 

-- Чынар айым, мен сизден музыка изилдөөчү адис катары эң ириде Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу ой толгооңузду уккум келип атат?

-- Учурда Кыргыз улуттук консерваториясы оор күндөрдү башынан кечирүүдө. Менин билишимче, жакшы мугалимдер башка ЖОЖдорго өтө качып жана таланттуу кыргыз жаштарыбыз сырт жакка кеткенге мажбур. Анткени, консерваторияда кадр маселеси туруксуз. Эгер мындай абал дагы да созула турган болсо, анда Кыргызстанда буга чейин бир нече муун музыкалык ишмерлер курган түптүү нерсени кайрадан куруш керек болот.  

-- Өз учурунда композитор, дирижер Калый Молдобасанов “консерватория ачканга шарт бышып жетиле элек” деп саймедиреп келген эле. Ага карабай ачылып кетти. Ушул жагдай сизге маалымбы?

-- Ооба. Калый Молдобасанов Кыргызстанда консерваторияны ачканга профессионалдык базасы жок экенин айтып жүргөн эле. Баарыбыз билгендей, бүгүнкү консерватория 1970-1980-жылдардагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун негизинде түзүлгөн болчу. Анда квалификациясы күчтүү кадрлар иштеп жүрүшкөн. Ага карабастан К.Молдобасанов консерваторияны ачканга каршы чыккан.  

-- Айтсаңыз, Муратбек Бегалиевди канчалык деңгээде билесиз?

-- Муратбек Бегалиев менен Москва консерваториясында бир факультетте окугам. Мен кыргыз музыка маданиятынын тарыхында биринчи болуп 1977-жылы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын теоретико-композитордук факультетине 9 кирүү экзамендерин берип, окуп калдым. Эң татаал факультет болчу. Муратбек болсо Фрунзедеги искусство институтунун 4-курсунан Москва консерваториясына 2-курска которулду. Мен ага көп жардам берип жүрдүм эле (конспектимди берип, акча берип дегендей), анткени, ошол факультетте эки эле  кыргыз бар болчубуз. Ал аябай кыйналып жүргөндүктөн, ага аябай боорум аччу...

-- Айтсаңыз, 1998-жылы болсо керек, Япониядан грант катары музыкалык аспаптарды консерваторияга берди эле, ошолордун дайынын билбейсизби?

-- 1998-жылы Аскар Акаев президент болгон убакта Япониядан кыргыз элине симфониялык оркестрдин кош курамы боюнча грант берилген. Аспаптардын саны сексенден жүзгө чейин жетет. Алардын арасында жыгач үйлөмө аспаптар, жез үйлөмө аспаптар, арфалар, урма аспаптар, кыл аспаптар (скрипкалар, альттар, виолончелдер, контрабастар), 7 концерттик рояль, 1 ак кабинеттик рояль – баардыгы «ЯМАХА» фирмасынан. Менимче, гранттын баасы 1 миллион доллардан көбүрөөк. Ошол кезде аспаптарды консерваториянын фойесинен өз көзүм менен көргөн элем. Бир аз убакыттан кийин аспаптардын дайыны жок болду. Ошол кезде Бегалиев абдан көөп кеткен. Менин оюмча, ал аспаптарды сатты да, акчасын өзүнө алды. Кантип реализация кылганы башка тема. Көбү Алматы шаарына кетти..

-- Муратбек Бегалиев Чыңгыз Айтматов менен кандайча таанышып калышкан?

-- 1982-жылы Москвада мен Калый Молдобасановдун “Саманчынын жолу” балет-ораториясы (“Материнское поле”). Ар тараптуу искусство синтези” деген дипломдук ишимди жазып, ийгиликтүү жактадым. Ошол кезде Бегалиев менден Чыңгыз акенин Москвадагы телефон номерин сурап калды. Менин атам Темиркул Үмөталиев менен Чыңгыз Айтматов эң эле жакын мамиледе болушкан эле. Бегалиев мага айтып жүргөн “Айтматовдун “И дольше века длится день...” чыгармасынын негизинде драматория жазып жүрөм” деп. Балким ошол кезде мен берген телефон номур аркылуу чалып, таанышып калганбы, же кийинчерээк болгонбу, бирок, Чыкемдин телефон номерин менден сурап алганы факт

-- Учурда консерваторияга Бегалиевден башка татыктуу ректор жокпу?

-- Муратбек Бегалиев консерваториянын ректору болуп алтынчы мөөнөткө кетти (27 жыл). Бул эч бир эрежеге сыйбаган нерсе. Башка кемчиликтерин айтпаса да, ушул узак мезгилде бир да искусство таануу адисин дайындап, тарбиялай алган жок. Ушунча мөөнөттө эмне кылып жүрдү? Аны өзүнөн сурасаң болот.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер