Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » АГАЙ!..

АГАЙ!..

22-ноябрь, 15:07
805 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Убакыт учкул. Анын тездигин ченеп да, өлчөп да ала албайсың. Адам артына кылчайып караганда, кечээ эле жаш болгондой сезет өзүн. Абдыкерим агай да кечээ эле жаш болчу. Мына бүгүн дээрлик жарым кылымдык педагогикалык ишмердүүлүгүндө көптөгөн студенттерге билим  берип, алардын келечекте мыкты адистерден болуп чыгышына эбегейсиз зор салым кошуп келе жаткан сүйүктүү агайыбыз Абдыкерим Абдыразаков 80 жашка чыгып отурат. Артына кайрылгыс болуп кол булгалап, бул жаш да артта калып жатат. Адамдын таттуу жашоосуна бир кылымдык өмүр да аздык кылгандай сезилет...

Биз адам өмүрүнүн кыскалыгына кейип отурбайбызбы, бирок, ошону “аттиң ай” деп бармак тиштеп өкүттө калбагандай, ойку-кайкы татаал жолунан чалынып-мүдүрүлбөй өтүп, ачуу-таттуу даамын бирдей татып, барына манчыркабай, жогуна жүдөп-какабай, аз да болсо элине кызмат кылып, турмушта өз чыйырына из калтырып кетсе, эл алдында милдетин өтөгөн болот.

Абдыкерим агайды мен биринчи жолу 1989-жылы көрдүм. Тагыраак айтканда, ошол жылы биздин курска “Байыркы мезгилден XIX кылымга чейинки кыргыз адабиятынын тарыхы” деген предмет боюнча лекция өтө баштады. Күндүн ысыгына карабастан аппак костюм-шым, аппак туфли кийген 50 жаштар чамасындагы орто бойлуу адам кирип келди. Көрсө, ал Абдыкерим Абдыразаков деген агайыбыз экен. Алгачкы мезгилде агайдын айрым тамашаларына түшүнбөй жүрсөк, кийинчерээк ага кадимкидей көнүп кеттик. Көпчүлүк мугалимдердин сабактарына салыштырмалуу Абдыкерим агайдын лекциясы алда канча жандуу жана кызыктуу өтүлчү. Агай менен жакыныраак таанышуум 3-курста окуп жүргөндө “Бишкек шамы” гезитине менин “Биз ким элек, ким болдук?” деген аталыштагы чоң макалам жарык көргөн. Ал кезде агай бизге “Кыргыз драматургиясынын поэтикасы” деген аталыштагы атайын курс өтүп жүрчү. Сабак башталганда эле агай менин макалам жөнүндө группадагы студенттерге кеңири маалымат берип, ошол сабак жалаң менин макаламды талкуулоо менен аяктады. Мына ошол мезгилден тартып агай менен менин мамилем жакындай баштады. Ал эми 1994-жылдан баштап Кыргыз адабияты кафедрасында чогуу иштей баштагандан тартып “устат жана шакирт” жагдайында мамилебиз бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат. 

Агай жазган эмгектер аркылуу студенттер Орхон-Енисей таш эстеликтери жөнүндөгү кеңири маалыматтарга ээ болдук. Орхон-Енисейдеги ташка жазылган поэтикалык эстеликтер адабиятыбыздын башаты катары бизге, кыргыз элине да түздөн-түз тийешеси бар орток мурасыбыз болуп эсептелерин агай өз эмгегинде баса белгилеген.

Демек, кыргыз адабиятынын тарыхы да башка түрк элдериникиндей эле VI кылымдан башталат десек эч жаңылыштык болбойт. Анткени VI-VII кылымдардан тарта пайда болгон ташка чегилген поэтикалык эстеликтер X-XII кылымдардагы, XIII-XVI кылымдардагы байыркы баба тилибизде – түрк тилинде жазылып, дүйнөлүк адабияттын кенчине айланган, бүткүл түрк элдерине орток байлык болуп калган көркөм чыгармалар кыргыз элине да түздөн-түз тийешеси бар экени бүгүнкү күндө агайдын жазган илимий эмгектери аркылуу далилденип отурат. 

Башкасын айтпаганда да, жердештерибиз Баласагындык Жусуптун “Кутадгу билиг” дастаны менен кашкарлык Махмуддун “Диван лугат ат-түрк” сөздүгү орто жана жогорку окуу жайларынын программаларына кирип, эчак эле окутула башташы, илимпоздор тарабынан изилденип, окуу китептеринен орун алышына А.Абдыразаковдун да эмгеги зор. 

Эртеңки муундарды тарбиялоо – бул оңой-олтоң бүтчү жумуштардан эмес, баарыбызды түмөн-түйшүккө салып, далай кыйынчылыктарга кириптер кылчу машакат иштер. Ушундай ары машакаттуу, ары түйшүктүү ишти агайыбыз 50 жылдан бери аркалап келе жатат. Университетте студенттерге жогорку илимий деңгээлде лекция окуп, практикалык сабактарды жүргүзүү менен катар илимий методикалык макалаларды республикабыздын гезит-журналдарына жарыялап турат. Бул макалалары, илимий эмгектери республикабыздын мугалимдери, студенттери үчүн чоң жардамдарын берди. Алардын ичинен бир канча макалалары кыргыз адабиятынын  ар түрдүү тармактарын илимий аспектиде изилдөөгө арналган. Бул кыргыз адабиятын изилдеген жаш окумуштууларга илимий жактан бир кыйла терең жазылгандыгы, тактыгы аркылуу өзүнүн пайдалуу таасирин тийгизип жатат. 

Азыркы күндө агайыбыздын 150дөн ашуун басма табак көлөмүндөгү ондогон монографиясы, окуу куралдары жана методикалык колдонмолору жарыкка чыккан. Маселен, “Кыргыз драматургиясындагы изденүүлөр”, “Азыркы кыргыз драматургиясынын жаңычылдык мүнөзү”, “Поэтика кыргызской драмы”, “Азыркы кыргыз драматургиясы”, “Орхон-Енисей жазуулары”, “Түрк атанын балдары болсок... же рух башаттары”, “VI-IX кылымдардагы поэтикалык эстеликтер”, “Төкмөлүк жана көркөм чыгармачылык”, “Орхон-Енисей байыркы түрк жазуулары жана рух башаттары”, “Кыргыз драматургиясынын поэтикасы”, “Жусуп Баласагын жана анын “Кутадгу билиг” дастаны”, “Кыргыз адабиятынын тарыхый өнүгүш маселелери” сыяктуу эмгектери республикабыздын жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн табылгыс окуу куралдары болуп эсептелет.

Мугалим – мөмөлүү дарак сыяктуу. Анын мөмөлөрү да дайыма таттуу жана жемиштүү болушун каалайбыз. Бул сөздөр да Абдыкерим Абдыразаков агайыбызга мүнөздүү. Кубаттуу темп жана бай тажрыйба менен теориялык билимин айкалыштырып эмгектенип, жаш муундарга билимин берип тарбиялоодо дагы үзүрлүү иштеп, чың ден соолук, узун өмүрлүү болушуна тилектештигибизди чын көңүлдөн билдиребиз. 

80 жаш дегенге чыккан бар, чыкпаган бар. Бир эле каалоо бар: үй-бүлөңүз менен бактылуу карылыкты өткөрө бериңиз. Кутман курак кут болсун, агай!

Алыс деп такыр чочуба, 

Акыры жүрүп жетесиң,

Агарган бийик чокуга... деп улуу япон акыны Басе жазгандай, бүгүн сиз 80 жаш деген бийик чокуну багынтып отурасыз. Сиз эң ириде көптөгөн республикага таанымал шакирттериңиздин урматтуу устатысыз. Аман болуп, көп жашаңыз илимдин баба дыйканы, менин урматтуу АГАЙЫМ!

Сизди терең урматтоо менен жаман шакиртиңиз    

Мухтар САТЫБЕКОВ

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер