Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мектептерде төртүнчү чейрек кантип чыгарылат?

Мектептерде төртүнчү чейрек кантип чыгарылат?

30-март, 13:45
767 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Төртүнчү чейрек чыга турган мезгил жакындап калды. Окутуу мекемелери студенттер менен окуучулардын жыйынтык бааларын кантип чыгарат жана кандай чараларды алып барат? Бул маселени ишке ашырылышын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова “Media-center” сайтына төмөндөгүдөй түшүндүрүп берди.

Орун басардын айтымында, бүгүнкү күндө“Сапат”, “Креатив таалим”жана мугалимдер менен бирге видео сабактар тартылып жатат. Алар телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт. Ал материалдар сапаттуу болушу үчүн конкурстук негизде тандалып, электен өткөрүлөт. Ошону менен катар бул материалдар 4-чейректин жыйынтыгын чыгаруу боюнча материалдык план болуп саналат.

Ал белгилегендей, ата-энелер “Zoom”, “Google-диск” тиркемелерин жүктөп алып, 8-апрелден баштап балдарына күн тартибин жакшылап түзүп бериши керек. Анткени, 8-апрелден баштап электрондук материалдардын жүгүртмөлөрүн таратып баштайбыз. Ата-энелер менен балдар мугалимдер менен байланышып, программадан артта калбоого аракет кылышы керек”, - деди ал.


Тиркемедеги электрондук окуу китептери менен даярданып, сабактарга тиешелүү материалдар менен таанышат. Окуу материалдардын негизинде бет ачарлар (презентация), аудио, видео сабактар жана кайтарым байланыштар болот жана компьютердик тестирлөө даярдалган.

Учурда компьютердик тестирлөөнү туташтыруу иштерин “Кыргызтелеком” ишканасы менен жүргүзүп жатабыз, ал онлайн режимине салынып жатат. 35окуу китеби боюнча ар бир окуучу телефон, смартфондорунан көрө алат. Өз алдынча даярдануу үчүн 4-чейректин окуу программаларынын мазмундары бар. Ошол жерден кайталап окуп, даярданып үйдөн компьютердик тесттен өтөт. Ал жерден окуучу же студент тесттин акыркы чыккан жыйынтыгын телефонго сүрөткө тартып алат дагы тиешелүү сабак боюнча мугалимине жөнөтөт. Ал эми мугалим ведомствого же журналга берилген окуу программалары боюнча бааларын коюп, тесттин жыйынтыгына жараша чейректик бааны коё алат”, - деп айтты А.Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп лицейинин директору Муратбек Касымалиев.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер