Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эгемен Кыргызстандын өндүрүшүнүн абалы жана Жарасул Абдураимовдун тагдыры

Эгемен Кыргызстандын өндүрүшүнүн абалы жана Жарасул Абдураимовдун тагдыры

04-август, 12:30
2 132 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жарасул Осмоналиевич Абдураимов бүгүнкү Кыргызстандагы сейрек кездешүүчү кесипкөй тажрыйбалуу адис. Анын өлкөнүн өнөр жайына сиңирген эмгеги баа жеткис. Жаштайынан (32 жашында) ири завод болгон физприбор куруу ишканасынан эмгек жолун жөнөкөй инженер-конструктордон баштап, анын башкы директордук кызматын аркалаган. 

Көптөгөн завод-фабрикалардын кыйрашына себеп болгон чет элдик PESAC (ПЕСАК) программасынын эбегейсиз басымына карабастан, “Дастан” трансулуттук корпорациясын негиздеп, аны толук сактап калган эле. Убагында Индияга торпедо жасап берүүгө макулдашылган 90 миллион АКШ долларга түзүлгөн келишим “Дастан” заводуна мол кирешени бүгүнкү күнгө чейин алып келип жатат. 

Жарасул Абдураимов Кыргызстандагы эң акыркы “кызыл директору” деп аталган, советтик өндүрүшчү, постсоветтик мейкиндикте байланышы бар, өнөр жай ишканаларын, чоң жамааттарды башкаруу жөндөмү менен өндүрүш технологияларын мыкты түшүнгөн, авторитетинин жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөндөмдүүлүгүнүн аркасында биздин өлкөнүн аскердик ишканаларына ири инвесторлор тартып келген, эмгектерин “Дастан”, “Жанар”, “Кристалл”, “Кыргызалтын” жана “Кыргызиндустрия” ААКсы коомдоруна татыктуу эмгек сиңирген. Аларды элдин баары жакшы билишет, баалашат.

Ал эми ошол кезде өлкөнүн өнөр жай потенциалына каршы саботаждык аракеттер өзгөчө активдешип, андан кийин да ага башка заводдорду калыбына келтирүүгө зарыл болгон мүмкүнчүлүк бийлик тараптан толук берилген эмес.

Шилтеме: Тагдыр тартуулаган эгемендигибизге жетип, бирок экономиканын негизин түзгөн өнөр жайыбызды сактап кала албадык. 1993-1996-жылдары чыгашалуу катары эсептелген ири ишканаларды жоюу жана кайра түзүү программасы PESAC ишке ашырылып, өнөр жайыбыз кайра түзүлбөй эле түбү менен жок болду. 200гө жакын завод, комбинат, фабрикалар банкротко учурап, ошол эле жеңил өнөр жайдагы фабрикалар, Канттагы цемент-шифер заводу, Майлуу-Суудагы электр лампаларын (чырак) чыгаруучу заводу, ошол PESAC программасына кирип, бирок кайра өз убагында чыгып кеткенге жетишкен экен. Бүгүн бул эки ишкана дүркүрөп өнүгүп кетпесе да, жоголуп кетпеди. Ошол кездеги тийешелүү жетекчилердин жоопкерчиликсиз мамилеси канчалаган жылдар бою түптөлгөн өнөр жай ишканаларыбыздын талап-тонолушуна жол берди. (“Эркин-Тоо” гезити, №26, 15.03.2022).

Республикада өнөр жай секторунун түзүмүн кайра карап чыгуу үчүн Кыргызстандын өкмөтү Дүйнөлүк валюталык фондунун катышы аркылуу РЕSАС программасын ишке ашырган. Бул максатта республикага 35 жылдык узак мөөнөттөгү карыз катары 60 миллион АКШ доллары берилип, 10 жылдык төлөм каникулы макулдашылган эле. PESAC программасынын багыты экономикада мамлекеттин ролун төмөндөтү үчүн мамлекеттик мекемелерди приватташтырып, чыгаша менен иштеги мекемелердин экономикалык-каражаттык басымдуулугун азайтыш максатында аларды жоюу же түзүмүн кайра карап чыгуу болгон. (Абдымаликов Кыдыр, “Кыргызстандын экономикасы (өткөөл мезгилинде)”, Б.: “Улуу тоолор” 2016, 756-б.).

Республикада PESAC программасы аркылуу ага тартылган көмүр мекемелердин көп шахталары жабылып, жумуш орундары кыскарып, алар жоюлуп кеткенге мажбур болушканы ырас. (Абдымаликов Кыдыр, “Кыргызстандын экономикасы (өткөөл мезгилинде)”, Б.: “Улуу тоолор” 2016, 756-б.).

PESAC программасынын сунушу боюнча өндүрүш деңгээли төмөндөп кетиши менен ЛКСМ атындагы, Кызыл-Кыя, №6/18 “Сүлүктү”, Кажы-Сайда “Центральная”, Таш-Көмүрдө “Северная” шахтасы келечектери жок деп табылып, жабууга багытталган. (Абдымаликов Кыдыр, “Кыргызстандын экономикасы (өткөөл мезгилинде)”, Б.: “Улуу тоолор” 2016, 756-б.).

Ал эми борборубуз Фрунзе баш болгон ири шаарларыбыздагы өндүрүш өнөр жайларыбыздын максаттуу түрдө талкаланышын сөз кылбай эле коёлу.

Өз убагында “Ош пахта-кагаз комбинаты” эң ири текстиль чыгаруучу мекеменин бири болгон. Бул мекемеде убагында 12 миң жумушчу иштеп, 80 миллион чарчы метр кездеме чыгарганы эсибизде. Бирок, Европа кеңешинин PESAC программасы боюнча негизги фондулардын жабдууларын алмаштырып, сатылып-тонолуп, аягында бул чоң комбинат аз ишин токтотууга мажбурланган. Компаниянын иши токтоп калышы 90-жылдардын аягында Туркиядан, Кытайдан, Араб эмиратынан арзан пахта-кагаз буюмдары республиканын ички рыногуна келгенден баштап, өндүрүлгөн продукция атаандаштыкка туруштук бере албай калганы белгилүү. (Абдымаликов Кыдыр, “Кыргызстандын экономикасы (өткөөл мезгилинде)”, Б.: “Улуу тоолор” 2016, 756-б.).

Ошондо болбогон 60 миллион АКШ доллары менен эле Кыргызстандын өнөр жайы толук талкаланган экен! Элдин ырыскысын талкалаган айрым аткаминерлер бүгүнкү күндө “коомдун каймагы, ак сөөк же элитасы” болушуп, эч кандай сурак-сопкуту жок эле тайраңдашып, шапар тебишип, жыргап-куунап жашап жүрүшөт. Бирок, Жараткан өзү президент Садыр Жапаров менен генерал Камчыбек Ташиевди кыргыз элинин бешенесине атайын жиберген экен. 34 жылдан берки коррупциялык кылмыштар аныкталып, ууру-каракчылар четинен тазалана баштады! Ушуга да каниет кылып, тиги эки жетекчинин өмүрүн тилеп, жакшылыктан жана келечектен үмүт үзбөйлү. Бир гана каалоо: ошол тазалоо иши Кудайдын астында таза, адилет, чечкиндүү өтсө! Жазыксыз адамдар жок жерден эле курмандыкка чалынып кетпесе!..

Ошол каардуу мезгилдер катары саналган 90-жылдарда элибиздин уучу кур болбой, өлкөнүн өндүрүшүнө өз салымын кошуп, ичкич-жегичтер менен тайманбай күрөшкөн инсандарыбыз да бар эле. Алардын сап башында 32 жашында СССРдин эң ири заводу деп эсептелген атактуу “Физприборду”“ жетектеген бүгүнкү каарманыбыз Абдураимов Жарасул Осмоналиевич! Анын өмүр жолу эгемен Кыргызстандын өндүрүш тарыхынын эң жаркын күзгүсү, келечекке карай үмүтү жана оор тагдырды башынан өткөрүп келген кайгысы! 

Жарасул Абдураимов 1960-жылы 23-февралда Ош облусундагы Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Түбү Кара-Кулжа районунан болот. Ата-энеси 1946-жылы Алай районунун Гүлчө айылына көчүп кетишкен. Атасы Абдрай уулу Осмонали 1910-жылкы. 1938-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. 1939-1940-жылдары совет-финн согушуна, андан кийин Улуу Ата мекендик согушка катышып, Берлинге чейин жетип, 1946-жылы үйүнө кайткан. Согуштан кийинки мезгилде жол оңдоо ишканасында жумушчу болуп иштейт. Кийин колхоздун малын баккан. 1978-жылдын 9-майында, 68 жашында фронттон алган жаракатынан улам күтүлбөгөн жерден каза тапкан. Апасы Кыдырали кызы Майрамбү 1916-жылы туулган, 95 жашында 2011-жылдын 15-мартында дүйнө салды.

Цитата: “Ата-энебиз өмүр бою колхоздун малын багып иштеген. Атабыз жаш кезибизде каза болуп калып, бизди апабыз багып чоңойтту” – Ж.О. Абдураимов (“Sputnik Кыргызстан” сайты, 18.10.2020). 

“Атам Осмонали Абдураимдин эки уул, эки кызынын улуусу экен. 1910-жылы Сары-Булак айылында туулган. Эки карындашы болгон -- Наапа жана Райма... Атамдын иниси жана Абдураимдин кенжеси Кыдыралы абам...” - (Осмоналиев К., “Менин өмүрүм жана көз карашым. 1-бөлүк”, Б.: “Полиграфбумресурсы”, 2021, 448-б.).

Жети атасы: Осмонали – Абдураим – Эгемберди – Назек – Райымкул – Элтүс – Төөкоңур.

Цитата: - "Жети атаны билүү керек. Аны билбесең атаң экөөбүздү уят кылып коёсуң! Жети атаны билбегенди жетеленме кул дешет, уулум!” – К.О.Осмоналиев (Осмоналиев К., “Менин өмүрүм жана көз карашым. 1-бөлүк”, Б.: “Полиграфбумресурсы”, 2021, 448-б.).

“Чоң атам Абдураим өзүн таза жана тыкан кармаган, сабырдуу киши эле. 1973-жылдын март айында 84 жашында каза болду (демек, ал киши 1889-жылы төрөлгөн экен)” - К.О.Осмоналиев (Осмоналиев К., “Менин өмүрүм жана көз карашым. 1-бөлүк”, Б.: “Полиграфбумресурсы”, 2021, 448-б.).

Жарасулдар сегиз бир тууган болчу. Улуу агасы Шарип, эжелери Мыскал, Садалат жана Бакдөөлөт бул дүйнөдөн өтүп кетишти. 

Цитата: “1948-жылы Шарип акем, 1950-жылы Садалат, 1951-жылы Бакдөөлөт деген эжелерим төрөлүшүптүр. Андан соң чоң трагедия болуп, Садалаты 5, ал эми Бакдөөлөтү 4 жашында бир жуманын ичинде эле катары менен чарчап калышыптыр! “Экөө тең кызамык менен ооруп кетишти! Тилдери буудай куруп, сулуу кыздар болуп келе жатышкан, периштелерим, ай” деп ыйлап калат эле байкуш апам!” – К.О.Осмоналиев (Осмоналиев К., “Менин өмүрүм жана көз карашым. 1-бөлүк”, Б.: “Полиграфбумресурсы”, 2021, 448-б.).

Саясый ишмер жана физика илиминин профессору Каныбек Осмоналиевич Осмоналиевдин бир тууган иниси. Экөөнүн ортосу төрт жаш айырма. Каныбек Осмоналиев да кыргызга төбөсү көрүнгөн инсан. Шүкүрбек иниси айыл чарбасында эмгектенет.

Цитата: "Мен чоң атамдын атынан катталып калгам. Каныбек Осмоналиевич өз атабыздын атынан катталган. Интернетте мени ал кишинин агасы кылып, "чал" деп жазып жатышат. Каныбек Осмоналиевичке тамашалап, “сиз саясатта жүрүп, өзүңүздү жакшы сактапсыз. Мен заводдо жүрүп тырышып калсам керек десем, "ошон үчүн адам өзүн жакшы карашы керек" деп күлдү – Ж.О.Абдураимов (“Sputnik Кыргызстан” сайты, 18.10.2020).

1983-жылы август айында үйлөнгөн. Жубайы Гүлмира Асанова, кесиби боюнча врач. Учурда он небересин тарбиялап жатат. Алар бир уул, эки кыздын сүйүктүү ата-энеси. Кыздары жогорку билимдүү юристтер, уулунун кесиби экономист. Жарасул Абдураимов айныгыс принцип менен балдарынын баарын мүмкүнчүлүгү болгондугуна карабай Кыргызстандан окуткандыгын айтат. 

Цитата: "Баланын ары жагында болсо эле кайсы жерден окуса да адам болуп кетет" – Ж.О.Абдураимов (“Sputnik Кыргызстан сайты”, 18.10.2020). 

Жарасул Абдураимовдун балалыгы айылдык шартта өткөн. Жашоонун оор шарттары жана туруктуу муктаждыктарынан улам, ата-энеси балдарына билим берүү үчүн аларды интернат-мектебине жөнөтүүгө аргасыз болушкан. Бирок, каникул учурунда балдар дайыма үйүнө кайтып келишип, жайлоодо жардам беришип, айыл турмушуна катышышчу. Анын балалыгы жеңил болгон эмес: атасы Осмонали согуштан кийинки жаракат менен жашаган, улам көчүп-конуп жүрүү жана материалдык кыйынчылыктар болгон.

1969-жылы Ош облусунун Совет районуна караштуу Кара-Кулжа айылындагы сегиз жылдык интернат-мектепке окуп баштаган. 1976-жылы сегиз жылдык мектепти аяктагандан кийин, жергиликтүү №1 орто мектепте окуусун уланткан эле. Кыйынчылыктар аны жаштайынан чыдамкай, мээнеткеч, жоопкерчиликтүү болууга тарбиялаган. Ал жакшы окуп, спорттук, маданий иш-чараларга активдүү катышкан, бул ага кыйынчылыктарды жеңип, теңтуштары жана мугалимдер арасында урмат-сыйга ээ болууга жардам бергени белгилүү.

Жогорку класстарда окуудагы, спорттогу жана музыкадагы жетишкендиктери үчүн ал Крымдын түштүк жээгиндеги белгилүү «Артек» жайкы лагерине мыкты окуучу катары жөнөтүлгөн. Үйдөн алыс, жаңы адамдар, түрдүү таасирлер арасында ал дүйнө таанымын кеңейтип, өзүнө болгон ишенимин арттырган. Ал жерде лагердин атмосферасынан жана улуу устаттардын үлгүсүнөн шыктануу менен ал инженердик тармакта жогорку билим алып, келечектеги карьерасын курууну максат кылып койгон. Бул анын келечектеги ийгиликтерине жол ачкан маанилүү этап эле. Үйүнө келери менен келечекке карата так планы -- анын ийгиликке умтулуусунун башаты болуп калды. 

Билими:

1968-1976  Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы мектеп-интернатта тарбияланган.

1976-1979  Кара-Кулжа районундагы №1 мектепте билим алган.

1979-1984  Екатеринбург шаарындагы Урал политехникалык институтунда окуган. Кесиби боюнча «Жарым өткөргүч электровакуумдук машина куруу» электрондук жабдуулардын инженер-механиги.

1986-1988 – аскердик кызмат. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн, №20636 аскер бөлүгү, Фрунзе шаары, танк взводунун командири, №20636 аскер бөлүгүнүн оперативдүү бөлүмүнүн начальнигинин улук жардамчысы. Учурда запастагы улук лейтенант.

1988 – ВЛКСМ Фрунзе зоналдык комсомолдук окуу жайынын «Жумушчу жаштар жана НТTM РК, ГК бөлүмүнүн башчысы» квалификациясын жогорулатуу курстарында окуган.

1993, октябрь – Жапонияда JICA программасы боюнча: «Базар экономикасынын шартында өнөр жай ишканаларын уюштуруу жана башкаруу» деген темада стажировкасын өткөн.

1993-2018  ар кандай курстар, семинарлар жана конференциялар.

Студенттик жылдар:

Жарасул Абдураимов татаал жана жогорку технологиялуу кесипти – жарым өткөргүчтүү электровакуумдук машина куруу багытындагы электрондук техниканын инженер-механиги адистигин тандаган. Бул адистик физика, математика, материалдардын каршылыгы жана сызма геометрия боюнча терең билимди гана эмес, ошондой эле чоң чыдамкайлыкты, тартипти жана талантты талап кылат.

Окууга тапшыруу процесси кыйын болгон, бирок 1978-жылы ал СССРдин алдыңкы техникалык жогорку окуу жайларынын бири – Свердловск (Екатеринбург) шаарындагы С.М.Киров атындагы Урал политехникалык институтуна кабыл алынган. Бул жөн гана кадам эмес, көп жылдык кыйын, бирок максаттуу жолдун жыйынтыгы эле. Мындай престиждүү адистикке тапшыруу чыныгы келечекке карата кадам эмеспи. Бул анын кесиптик тандоосу гана эмес, ошондой эле инсан катары өсүүгө мүмкүнчүлүк болгон. 

Студенттик кез – өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн толук ачкан, чоң шаардагы жашоого көнгөн, кесиптик калыптануунун башатына карай өзгөчө умтулуу мезгили. Урал политехникалык институту ал үчүн жөн гана билим берүү мекемеси эмес, эң келечектүү жана талап кылынган инженердик тармактардын биринде өз жөндөмүн ачууга шарт түзгөн жер болгон. Үйдөн алыс кетсе да, ал инсан катары өсүп, ишенимдүү досторду тапкан. Каарманыбыздын элге сиңирген эмгеги мамлекеттик ардактуу сыйлык-наамдарга татыганы кубантат. Алардын негизгилери булар: 

1988-жылдын 28-январында СССРдин Куралдуу Күчтөрүнө 70 жыл” юбилейлик медалы.

1992-жылдын 16-декабрында Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун илимий кеңешинин чечими боюнча Абдураимов Жарасулга Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунда билим берүүнүн “Ардактуу доктору” деген наам ыйгарылган.

1993-жылы "ДАСТАН" трансулуттук корпорациясы” ачык акционердик коомунун президенти Абдураимов Жарасул “Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын социалдык-экономикалык кризисинин шартында сакталып калгандыгы үчүн” эл аралык «Алтын глобус» сыйлыгы Даниянын боробору Копенгаген шаарында берилген.

2001-жылдын 13-декабрында “Дастан” технологиялык университетинин илимий кеңешинин чечими боюнча Абдураимов Жарасулга “Дастан” технологиялык университетинин “Ардактуу профессору” деген наам ыйгарылган.

2003-жылы "Дастан" трансулуттук корпорациясы” ачык акционердик коомунун «Дастанга 10 жыл» юбилейлик белгиси менен сыйлаган.

2011-жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын “Ардагерлер жана майыптар “Союз-Чернобыль” коомдук бирикмесинин "Сиңирген эмгеги үчүн” деген орденине татыган.

2013-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кайтаруу жана күзөтүү департаментинин буйругунун негизинде “Устат” медалы берилген.

2021-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигине караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматтынын түштүк башкармалыгынан “Ардак грамотасы” менен Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык кызматкерлеринин күнүнө карата Кыргызстанда көп жылдан бери финансылык рыноктун калыптануусуна, өсүп-өнүүгүсүнө, о.э. бул тармактагы кадрдарды даярдоодо кошкон барандуу салымы үчүн сыйланган.

2021-жылдын 11-ноябрында Бишкек штамптоочу заводунун «Заводго 80 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланган.

2022-жылдын 13-июлунда “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Абдураимов Жарасул Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы” менен Кыргыз Республикасынын металлургдар күнүнө карата райондун өнөр жай тармагын жана социалдык-экономикалык абалын көтөрүүгө кошкон алгылыктуу салымы үчүн сыйланган.

2022-жылдын 24-октябрында Россиянын биринчи президенти Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы достук мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, маданий, руханий, экономикалык байланыштарды мындан ары тереңдетүүгө, стратегиялык долбоорлорду иштеп чыгууга кошкон салымы үчүн Абдураимов Жарасулга Россиянын биринчи президенти Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин “Ардактуу доктору” даражасы ыйгарылган.

2023-жылдын 19-апрелинде «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун президенти катары көп жылдык ак ниет эмгеги, кесипкөйлүгү үчүн Бишкек шаардык кеңешинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

2023-жылдын 12-майында «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун президенти Абдураимов Жарасул ак ниет, үзүрлүү эмгеги жана Бишкек шаарынын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

2023-жылдын 7-июнунда «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун президенти Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин "Экономиканын отличниги” деген төш белгиси ыйгарылган.

2023-жылдын 18-декабрында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун президенти Абдураимов Жарасулга «Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамына татыктуу болгонун, узап бараткан жылда өлкөдө бир топ ийгиликтер жаралганын, ошол жетишкендиктерге бараандуу салымы бар экендигин белгилеп, ардактуу наам тапшырды.

2024-жылдын 20-мартында Бишкек шаардык кеңешинин тескемеси менен “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” ордени менен сыйланган.

(Уландысы бар)


Каныбек Осмоналиев, профессор  

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер