Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдияр Карачалов: “Көп кабаттуу үйлөргө Канттан чыккан цементти колдонууга болбойт”

Элдияр Карачалов: “Көп кабаттуу үйлөргө Канттан чыккан цементти колдонууга болбойт”

10-апрель, 09:00
2 654 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Курулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы менен маек.

-- Түркиядагы кырсыктан кийин курулуш тармагы тургундарды ойго салып  койду. Учурда жаңылануулар, изденүүлөр барбы?

-- Азыркы учурда СНиП (строительные нормы и правила) кайрадан каралып чыгышы керек. Өзгөчө курулуш материалдарынын сапатына, куруу процессинин, технологияларынын так сакталышына көңүл буруу зарыл. Көп кабаттуу үйлөрдүн сейсмикалык туруктуулугун өзгөчө көзөмөлгө алуу – заман талабы. Учурда “жер титирөөгө туруштук бере алабы?” деген суроо көп болуп жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда курулуш технологиялары, материалдары 18-20 кабаттуу үйлөрдү курганга гана мүмкүндүк берет. Андан бийик үйлөрдү куруш үчүн жаңы технологияларды, курулуш иштериндеги жаңылыктарды, жаңы курулуш материалдарын колдонушубуз шарт. 18 кабаттан өткөндөн кийин атайын өзгөчө шарттар колдонулушу керек, ал эми биздеги курулуш материалдар ал шарттарга толук кандуу жооп бере албайт. Эң жөнөкөй мисал катары цементти эле алалы, Кант шаарындагы цемент заводунун продукциясы өтө бийик үйлөрдү курганга жарабайт. Себеби, Канттагы завод негизинен "Портландцемент М400-Д20" деген маркадагы цемент чыгарат. Портланд – алгач цемент чыккан жердин аты, М400 – 1 см 2 болгон басымдын өлчөмү, Д – атайы кошулмалар (добавки), 20 – кошулмалардын пайыздык өлчөмү. Ушуга байланыштуу, жеке субъективдүү көз караш менен “Нарын” ресторанынын ордуна курула турган 37 кабаттан турган бийик имаратка бул цементти колдонууга болбойт.

“Сактансаң сактайм” деген жакшы кеп бар. Түркиядагы кырсык, он миңдеген адамдардын өлүмү бүтүндөй өлкөгө чоң сабак болду. Алдын алуу, туура чара көрүү – баардык жамандыктардан сактайт. 


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер