Бакытбек Жумагулов: “Кыргызстан ар тараптуу тышкы саясатын жүргүзүүдө”

Евразия стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору, саясат таануучу менен маек.
-- Азыркы мезгилде эл аралык мамилелерде Кыргызстандын орду кандай болууда?
-- Учурда Кыргызстан көп тараптуу эл аралык мамилелерди жүргүзүп, көптөгөн эл аралык, регионалдык уюмдарга мүчө болуп саналат. Анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун да мүчөсү. БУУда маанилүү маселелер каралып жатканда Кыргызстандын да өз добушу бар. Бул жерде 1,5 миллиард Кытай, Индия же ядерлик державалар Россия, Американын бириндей эле Кыргызстандын дагы добушу бир болот. Андан тышкары, регионалдык уюмдардын дагы Европа Биримдигинин коопсуздук уюмунун мүчөсү болуп саналат. Ал жакта да кандайдыр бир иш аракеттерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Шанхай биримдигине да мүчө. Ошону менен бирге Россия жана ЕАЭБде мүчө болуп, иштерди жүргүзүүдө. Азыркы кезде ОДКБнын 2025-жылга карата өтө турган жыйынына жана Түрк мамлекеттеринин уюмуна 2025-жылы Кыргызстан төрага болот. Ушул уюмдарда өлкөбүздүн маанилүү орду бар.
-- Сирияда бийлик алмашты. Мындай кырдаалда дүйнө жана Кыргызстанга кандай таасири тийиши мүмкүн?
-- Түркиянын "Сабах" гезити Сириядагы окуялардын өнүгүүсү боюнча беш негизги сценарийди сунуштады. Муну мисал катары белгилеп айта кетсем:
1. Сирия Демократиялык Республикасы – оппозициялык топтор идеологиялык айырмачылыктарга карабастан, бириккен альянс түзүшү мүмкүн. Бул сценарийди Түркия жана БУУ колдойт.
2. Ислам Республикасын түзүү – бул сценарийде "Хайят Тахрир аль-Шам" (HTS) исламдык башкаруу системасын орнотот деп болжолдонууда.
3. Антишииттик мамлекет – Израилдин колдоосу менен шииттерге каршы багытталган жаңы мамлекет пайда болушу мүмкүн.
4. Федеративдик Республика – Сирия бир нече этностук жана диний негизде бөлүнгөн аймактарга бөлүнүп, АКШнын көзөмөлүндө калат.
5. Сириянын дезинтеграциясы – өлкө толугу менен бөлүнүп, бир нече көз карандысыз бөлүктөргө ажыроо коркунучу бар.
Мисалы, Түркия Сириянын аймактык бүтүндүгүн камсыздоо жана диндер ортосундагы теңчиликти сактоо үчүн жаңы күчтөрдү колдоп жатат. Россиянын Украинадагы согушунун айынан алсырап, Сириядан аскерлерин чыгарышы күтүлүүдө. Ошондой эле Израиль менен болгон согуштун натыйжасында "Хезболла" да өз позицияларын жоготту.
Бул жагдайда, Россия жана Иран жаңы өкмөттү түзүүдө чечүүчү роль ойной албайт. Башар Асаддын жана анын алавиттик топторунун позициялары алсырап, Ирандын таасири да төмөндөөдө.
Кыргызстанга болгон таасири боюнча токтолсом, Кыргызстандан кеткен жарандардын Сириядагы абалын эске алсак, жакында эле 31 аял жана 65 бала өлкөгө кайтарылды. Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан кыргыз жарандарынын тобокелдиктери дагы деле сакталууда. Өкмөт бул көйгөйгө өзгөчө көңүл бурушу керек.
Ички легитимдүүлүктүн жоголушу жана коррупциянын жогорку деңгээли бийликтин элди колдоосунан ажыратат. Бул Афганистанда "Талибандын" бийликке келүүсү жана Сирияда оппозициянын күчөшү менен далилденди.
"Азия Ньюс" гезити