Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Селфиге түшүү – психикалык оорубу?

Селфиге түшүү – психикалык оорубу?

16-март, 15:18
851 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дарыгерлер “өзүн-өзү тартып, селфи кыла берүү жана интернетте селфи сүрөттөрүн бат-баттан жарыялай берүү – психикалык оорунун белгилери” деп аташты. Окумуштуулар селфиге түшкөндү жакшы көргөндөргө байланыштуу тест даярдашкан. Тажрыйбада катышуучуларды 1ден 5ке чейинки баа менен баалашкан. Изилдөөгө 27 жашка чейинки 400 адам катышкан.

Жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында психологдор мындай чечимге келишкен: күнүнө үч ирет сүрөткө түшкөн, бирок аларды интернетке жарыялабаган адамды адистер “селфитис” деп, «психикалык ооруга чалдыкты» деген диагноз коюуга болот деп эсептешет. Бул дарт күчөп кеткенде адам сүрөттөрүн желеге салгысы эле келип турат. Оору өнөкөт болуп кеткенге чейин адам күнүнө кем дегенде алты селфи жарыялайт.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, “селфитис” дарты менен ооругандар адатта өзүнө ишенимсиз адамдар, алар ушундай жол менен өздөрүнө көңүл бурдургусу келишет. Социалдык тармак жана жаңы технологиялар өздөрү менен бирге жаңы маселелерди да алып келди. Баарына күнөлүү – колдогу смартфон.


Селфинин түрлөрү: 

· Релфи – сүйүктүүң менен бирге сүрөткө түшүү;

· Лифталуг – лифттеги күзгүдөн өзүңдү сүрөткө тартуу;

· Даукфейс – өрдөктөй оозун чормойтуп түшүү;

· Шукфиз – бутун жана бут кийимин тартуу;

· Экстрим селфи – бийик жайларда, аскаларда тартылган селфи.

Эң кооптуусу да, коркунучтуусу да экстрим селфи. Жаш балдар-кыздар ушундай бийик жайларда селфи кылабыз деп кырсыкка учураган учурлар көп.


Терс жактары: 

· алтындай убактыңды алат;

· унутчаактыкка алып келет;

· чыныгы жашоодо эл менен баарлашуу токтойт;

· бара-бара адамдын жандүйнөсү жалгыздыктан жапа чегет.

Селфини чыгарган сайын ичиндеги керек сезимдерди ала албайт. Убактылуу “лайк” алганда сүйүнөт. “Лайк” бүткөндө кайрадан эле өзүн жаман сезе баштайт. Эртеси кайра жаңы сүрөт чыгаруу керек. Идеалдуу селфи тарта албагандыгы үчүн өздөрүн суицидге чейин алып баргандар бар. 


Оң жактары:

· чыгармачылыкты өстүрүүгө жардамы чоң;

· сүрөттөрдү жүктөө менен ар кандай кызыктуу жаңылыктарды досторуң менен бөлүшө аласың;

· жаңы адамдар менен таанышууга шарт түзүлөт.

Реалдуу жашоону виртуалдуу жашоого алмаштырбай, сүрөткө чеги менен түшүп, чыныгы жашоодон ырахат ала билиңиз.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер