Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөмдүн мурунку сүйгөнү күндө чалып, экөө бир сааттан ашуун сүйлөшөт

Күйөөмдүн мурунку сүйгөнү күндө чалып, экөө бир сааттан ашуун сүйлөшөт

26-август, 16:49
1 353 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Үй-бүлө куруш кыйын, бузуш оор экен. Азыр менин 11 айдан берки бактылуу үй-бүлөмдүн башын кара булут каптап, жолдошум экөөбүздүн ортобузду “кара мышык” аралады. 

Жолдошум экөөбүз Москвада иштеп жүрүп үйлөнгөнбүз. Бишкекте жумуш болбогондон кийин кайра эле чогуу Москвага келип иштеп жүрөбүз. Азырынча ортобузда бала деле жок. Мындан бир жума мурун ооруп ооруканага көрүнө албай, мурда чогуу жашаган эженин таанышына көрүнөйүн деп ал эженикине кеткем. Чынын айтсам, эки күн ошол эже ооруканага көрсөтүп, анализ тапшыртып, үйгө келбей калгам. Үчүнчү күнү үйгө келсем, жолдошум мага чейин жолугуп жүргөн кызын ээрчитип келип жатышыптыр. Андан да шейшепти ваннага сууга чылап коюптур. Кийими жок калгансып күйөөмдүн спортивкасын кийип кетиптир. Аны деле билбей калмакмын. Күйөөмдүн кийими менен сүрөткө түшүп, мага вотсаптан жөнөтүп койду. Ушундан улам күйөөм экөөбүз жолдо келе жатып уруша кетсек, мени элдин көзунчө урду. Кетип бара жаткан эки орус жигит ажыратып, “милицияга кайрыл” дешти эле, бир аз басылып, үйгө чейин кубалашып бардык. Анысы күндө чалып, экөө бир сааттан ашуун сүйлөшөт. Анан күйөөм “Бегимайдын жинине тийбе, болбосо сени өлтүрүп коём!” деп мени ашатып, жаман сөздөр менен сөгүп жатат. Ата-энеме чалып, “ажырашып жатам” десем, апам “эл караган бетимди жер каратпа! Сенден кетти!” деп мени күнөөлөп койду. Кайын журтум болсо мени күнөөлөп, “кете берсин” дешти. Күйөөм болсо өзүнүн күнөөсүн мага оодарып, суудан кургак чыгып кетти. Азыр тааныш эженикинде жашап жатам.

Айжан

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер