Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канатбек Мурзахалилов, дин иштери боюнча эксперт: “Мусулман өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда гана борбордук аянтта айт намаз өткөрүлөт”

Канатбек Мурзахалилов, дин иштери боюнча эксперт: “Мусулман өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда гана борбордук аянтта айт намаз өткөрүлөт”

08-июль, 17:36
290 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
-- Курман айтка карата 8 миң милиция кызматкери коопсуздукка, тартипке көзөмөл салышары жарыяланды. Мындай маалыматты алдын ала эмнеге таратышты? Көзөмөлгө алынбаган диний агымдардан кооптоно турган жагдайлар барбы?
-- Курман айтка карата күч органдарынын коомдук тартипти көзөмөлдөөгө тартылышы көп жылдан бери практикаланып келет. Бир нече миңдеген адамдардын намазга келүүсүн шарттаган айт намазда коопсуздук менен коомдук тартипти сактоо зарыл. Борбордук аянтта майрамдык намаздарды окуу башка постсоветтик, араб жана мусулман өлкөлөрүнөн алганда, бир гана Кыргызстанда өткөрүлөт. Бул биздин өлкөдө дин эркиндиги толук сакталгандыгынан кабар берет жана аны дин жаатындагы мамлекеттик саясат туура нукта өнүгүп жаткан көрүнүш катары мүнөздөсө болот.
-- Акыркы кездерде исламдын насааттарын, дааваттарды айткан саясатчылар, активисттер популярдуу боло баштаганын байкап атабыз. (Айрым шылуундар динди мүдөө, кызыкчылыктарына пайдаланса керек). Биздин коом кайда багыт алып баратат? Жаштарыбыздын көпчүлүгү заманбап билим алууга эмес, динге ыкташканын кандайча чечмелесек болот?
 -- Чындыгында бул көрүнүш кыргыз коомунда диндарлыктын өнүгүүсү активдүү жүрүп жаткандыгын билдирет. Айрыкча диндарлык жаштар арасында өсүп баратат. Айрым бир учурда диндин саясатташуу же саясаттын диндешүү процесси орун алууда. Бул маселеде мамлекеттин орду чечүүчү болушу шарт. Мамлекет менен дин мамилеси, ушул чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, алардын өз ара мамилесинин негизги багыттары Кыргызстанда калыптанып, өзгөчө бир модель иштелип чыкты. Эми бул мамилени туура нукта өнүктүрүп, багытталган чөйрөгө тийешелүү мыйзамдык, укуктук-ченемдик документтердин туура иштөөсүн камсыз кылуу зарыл. Мамлекет оюн эрежесин өзү аныктап, арбитрдик ролду жеке колуна алуусу абзел.
-- Максат ажы Токтомушевдин колдоочу фанаттары арбын эмеспи. Бул киши эки бир туугандын балдары баш кошсо болорун баса белгилеп, ачык эле айтып жүрөт. Мынчалык караңгылыкты, акылга сыйбаган жорукту таңуулоого эмне түрткү берүүдө? Укук коргоо органдары тартипке чакырып, тыйып койсо болбойбу?
-- Сиз көтөргөн суроо диндин ичиндеги теологиялык маселе. Бул боюнча башка диний аалымдар дагы өз пикирлерин билдиришкен. Жалпылап айтканда, диний билим берүүнүн жетишсиздиги, коомдогу плюрализм, сөз эркиндиги ушундай түрдүү пикирлерге орун берүүдө. Талаштан тактык жаралат. Кыргыз коомун дин маселелеринде караңгы катары айтуудан алысмын. Акыркы мезгилде бизде илимдүү аалымдар кагортасы өсүп чыкты. Бул өтө жакшы көрүнүш.
Ал эми укук коргоо органдары өзүнө жүктөлгөн функционалдык милдеттерди аткарышууда. Дин өтө назик, аяр мамилени талап кылган маселе болгондуктан, андагы кызыл сызыкты сактоого ар бирибиз милдеттүү экендигибизди дагы унутпашыбыз керек.
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер