Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдимиталип Халматов: “Коронавирустун жаңы түрү дүйнөнү сестендирүүдө”

Абдимиталип Халматов: “Коронавирустун жаңы түрү дүйнөнү сестендирүүдө”

31-декабрь, 12:34
2 111 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жыл бою коронавирустун азабын тартып, эми минтип 2020-жылды узатуу алдында турганда мутацияланган коронавирустун жаӊы штаммы чыгып, маанайды чөгөрүп отурат. Бул боюнча медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы дарыгер Халматов Абдимиталип Нышанбаевичке суроо узаттык.

-- Абдимиталип агай, ой бөлүшсөңүз, коронавирустун жаӊы штаммы канчалык коркунучтуу?

-- Мындан бир жума мурда Англиянын примьер-министри Борис Джонсон өлкɵдɵ коронавирустун кескин тез тарап жаткан жаӊы оор штаммы (N501Y мутациясы) таралганы жɵнүндɵ пресс-конференция берди. Азыркы күндɵ Англияда жаӊы мутация менен ооругандардын саны миӊге жакын. Бул жаӊылыкты бүткүл дүйнɵ элдери катары кыргызстандыктар да чоӊ сестенүү менен кабыл алды. Себеби, дагы деле COVID-19 толугу менен жоголбой, анын жаӊы түрү пайда болуп жаткандыгы баарыбыз үчүн чоӊ кабатырчылыкты жаратат.  

Окумуштуулардын айтымында, коронавирустун бул штаммы сентябрь айында эле пайда болгон, бирок анын тез таралышы ноябрь айынан баштап аныкталган. Азыркы күндɵ коронавирустун (SARS-CoV-2) тɵрт миӊге жакын ɵзгɵрүүсү  (мутациясы) далилденди. Алардын ичинен эӊ коркунучтуу мутациясы – N501Y болуп эсептелет. Бул мутациянын айырмачылыгы – вирус адамдын клеткасы менен ACE2 рецепторунун байланышын жакшыртат жана анын башка адамдарга тез жугушуна ыӊгайлуу шарт түзүп берет. Лестер университетинин ардактуу вирусологу, профессор Джулиан Тандын айтуусу боюнча бул штамм Англияга чейин башка мамлекеттерде (Австралия, АКШда, Бразилияда апрель-июль айларында эле аныкталган, бирок бул мутация ошол шаарлардан жуктубу же Англиянын ɵзүндɵгү кɵп убакытка чейин ооруган оор абалдагы оорулардан мутацияга айландыбы (?) – муну кийинки изилдɵɵлɵр гана аныктарын айткан. Бул мутация мурдагы вируска салыштырмалуу 70%га тезирээк жугуусу аныкталган. Ошондуктан азыркы күндɵ бүткүл Европа, Түркия, Россия ж.б. мамлекеттер башка ɵлкɵлɵр менен авиакаттамдарды токтотууга мажбур болууда.

Бул жаӊы мутация бейтаптарды ɵтɵ оор абалга, же кɵп ɵлүмгɵ алып келбестигин, азыркы коронавируска каршы алына баштаган вакцина да жардам берерин окумуштуулар айтып жатышат. Бирок, бул оору тез жайылат.  

Башка мамлекеттер сактанган сыяктуу биздин ɵлкɵнүн жарандары деле ɵзүбүздү сактап, эл кɵп чогулган жерге мүмкүн болушунча барбоого, азыркы майрамдык мааракелерден да оолак болуп, тазалык, дезинфекция, ɵздүк гигиенага сак болсок, бул вирустан дагы тез эле Кудайдын жардамы менен кутулуп кетебиз (!) деген чоң үмүтүбүз бар, буюрса.    


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер