Россияда полиция кызматкери кыргыз жигитти атып өлтүрдү


Россиянын Екатеринбург шаарынын полициясы 28 жаштагы кыргыз жараны Качкын Тажиевди атып өлтүрдү.
24-ноябрда баңгизатын сактаган деген шек менен кыргызстандык жаран Качкын Тажиевди жергиликтүү полиция кармап, медициналык мекемеге алып барышкан. Полициянын айтымында ал медициналык текшерүүдөн баш тарткан.
Качкын Тажиев полицияга баш ийбей качып кетүүгө аракет жасаганда анын артынан кууган. Полиция кууп жеткенде кыргыз жараны анын табелдик куралын алууга аракет жасаган деп айтылат. Полиция асманга бир жолу эскертүү ирээтинде аткан, ага да баш ийбей койгондо Качкын Тажиевдин өзүн аткан.
Кыргыз жараны окуя болгон жерден полициянын огунан каза тапкан.
Бул окуя боюнча жергиликтүү укук коргоочулары тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ал эми аны менен кармашкан милиция кызматкеринин колу сынып, ооруканага жеткирилгени айтылат.
Көз жумган маркум Качкын Тажиевдин атасы бул окуяга ишенбестигин билдирди, ал уулунун чөнтөгүнө баңгизатты атайын салып коюшу ыктымал дейт.
Качкын Тажиевдин сөөгү Жалал-Абад облусундагы үйүндө коюлат, ал Россиянын жарандыгын алган экен.
Aryba.kg