Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Советбек Рустамбек уулу, ЖК депутаты: “120 үй кооптуу абалда турат”

Советбек Рустамбек уулу, ЖК депутаты: “120 үй кооптуу абалда турат”

16-февраль, 18:43
775 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Советбек мырза, сизге шайлоочуларыңыздан кайрылуу келген экен. Аларды кооптондурган нерсе эмне?

-- Мен туулуп-өскөн Ноокат районундагы Жатан айылында илгертен шахта болуп, кийин жабылып калган эле. Акыркы жылдары кайсы бир фирмалар келип, калган запастарын изилдеп, кайра иштетип атышкан. Жергиликтүү тургундар да “мейли, иштетсе иштете беришсин, мамлекетке да пайда, элге да жумуш орун болот деп уруксат беришкен. Бирок, тереңдеп кирген сайын казылган топурак көбөйүп, булар болсо алыс ташыгандан эринип, чыгымдан качып, эски жылгалардын оозун бүт жаап салышкан. Ал жылгалардан жылына шаркыраган сел түшөт. Жамгырдан пайда болгон суулар чогулуп-чогулуп, бир күнү бош топурак жарылган болсо, асты жагында 120 үй бар. Жакын жерде, жабышып турат. Ким уруксат бергени түшүнүксүз. Кооптонгон эл акыры мага кат менен кайрылышты. Ошондуктан, маселе көтөрүп, тийешелүү министрликтерге жеткирип атам. Тезинен коопсуздук чараларын көрүп, эгер зарыл болсо шахтаны жабыш керек.

-- Эгер ал фирмалар лицензия алып, расмий түрдө иштеп жаткан болсо, тийешелүү органдар техникалык коопсуздук жагын көзөмөлдөшү керек болчу да?

-- Албетте, бир-эки жылда барып текшерип, “топуракты бул жакка төккүлө, кооптуу болуп калыптыр” деп тескеп турчу көзөмөлдөөчү орган болуш керек. Эми тийешелүү министрликтен комиссия барып текшерип көрсө, так диагнозу коюлат да. Кандай катачылыктар кеткен, ким күнөөлүү (?) дегендей... Азыр шахта иштеп жатат, токтогон жок, бирок абал өтө кооптуу. Видеолорун, сүрөттөрүн берип койдук.   


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер