Бүбайша Арстанбекова, акын: “Ташиевдин уруулашууну токтотууну талап кылганы туура жана өз убагында айтылды”


-- УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев уруулар курултайын токтотууну талап кылды. Буга кандайча түшүндүрмө берет элеңиз?
-- Негизи илгертеден эле кыргыз элинин тарыхында уруу-урууга бөлүнүп, достошуп да, касташып да, кээде чабышып, кээде табышып жашаган учурлар көп болгон.
Ал эми азыркы учурда артка кайтып, өткөн доордун үлгү болчу жактарын айтып, кыргыздын кырк уруусунун башын бириктиргенге аракет кылган аксакалдар, санжырачылар жети дубанды түрө кыдырып, ынтымак кербенин өткөргөнү абдан маанилүү иш. Анткени кээ бир саясатчылар буга чейин “түндүк-түштүк” деп бөлүп-жаруу менен трайбализм оорусун күчөтүп жиберишкен. Ошондон улам элибиздин ынтымагы ыдырап, коомго терс таасирин тийгизип, аймак аралык кастыкты козутууга чейин жетишкен эмеспи? Мамлекеттибиздин бүтүндүгүнө зыян келтире турган абалды жаратышып, төңкөрүш кылышып, бийликке каршы чыгышып, Акүйдү басып алууга аракет кылышкан жана бир нече жолу президенттерибизди кууп жиберишкени дүйнө элине маалым го...
Бирок, “жакшы ниет – жарым ырыс” дегендей, кыргыздын кырк уруусунун башын бириктирип, ар кандай жыйындарды өткөрүшүүдө. Астыртадан сарасеп салсак, азыркы шайлоо учурунда уруучулукка бөлүнүп баштаганы айдан ачык көрүнүп калды. Анткени шайлоочулардын арасында ырк кетүүдө. “Сен эмнеге өзүңдүн ата-тегиңдин, өз урууңдун баласын колдобой башка уруунун баласын колдойсуң? Тегиңди шайла” деген бөлүнүү, жагымсыз ажырым бар экени белгилүү. Эң өкүнүчтүү нерсе, эртеңки күнү кайсы уруунун лидери эл башкарат (?) деген маселе пайда болушу мүмкүн. Ошондо “бийлик үчүн уруулардын арасында талаш-тартыш болбойт” деп эч ким кепилдик бере албайт! Анткени, карапайым эл саясат оюнунун курмандыгы болбошу керек! Менимче, Ташиевдин уруулар курултайын токтотууну талап кылганы туура жана өз убагында болду. “Өтө эле чектөө”, же болбосо “эл көтөрүлүп кетет деп кооптонуп жатат” дегенге негиз жок. Анткени эл көтөрүлбөйт. Айрым бийликти эңсеп, чаңкап турган саясатчы сөрөйлөр уруулардын ынтымагын ыдыратып, жеке кызыкчылыгына пайдаланышы мүмкүн. Ташиевдин кайрылуусу жалпы кыргыз элинин тынчтыгына, келечекте уруу-уруу болуп бөлүнүп-жарылып кетпестен, ырыс-ынтымакта жашоосуна кам көрүү деп ойлойм. Уруучулукту саясатчылар гана пайдаланат. Ал эми санжыраны билип коюу ар бирибиздин парзыбыз. Кыргыздын тукумун улоодо жети ата өткөрүп үйлөнүү саламатчылыгы сак, акыл-эстүү келечек муундарды жарык дүйнөгө алып келип, кыргыздын генин таза сактап, урпагын улоо – ар бирибиздин парзыбыз.
"Азия Ньюс" гезити











