Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Зайнидин Курманов: “Биз кыялданган жогорку билимдүү өкмөт келди”

Зайнидин Курманов: “Биз кыялданган жогорку билимдүү өкмөт келди”

19-октябрь, 19:17
1 738 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акыркы бийликке келген кадрлар тууралуу кененирээк талдап, оюңузду айтсаңыз?

-- Акылбек Жапаровду ким билбейт? Ал күчтүү экономист. Ошондуктан, анын премьер-министр болуп келиши табигый жана түшүнүктүү. Анын жакшы рекорддору бар. Парламенттин бир нече чакырылышынын депутаты, экономика министри, каржы министри болгон. Буга чейин, мисалы, Англияда саясатчы каржы министри болбогондо премьер-министр болуусу мүмкүн эмес болчу. Демек, ал өз ишин жакшы билет, анын чоң тажрыйбасы жана харизмасы бар. 

Ал эми жаңы министрлерге келсек, мен юстиция министри, юридика илимдеринин доктору Аяз Баетовду белгилейт элем. Бул күчтүү дайындоо. Анткени, биз укуктук мамлекет куруп жатабыз. Юстиция министрлиги таптакыр бюрократ болуп, абийирсиз жана жөндөмсүз жумушчуларды азыктандыруучу чуңкурга айланганБаетов ошол абалды оңдойт деп үмүттөнөм. 

Кудайберген Базарбаев да кайтып келди. Ал кайда иштебесин, дайыма мыкты болчу. Саясат таануунун кандидаты.

Арзыбек Кожошев биринчи вице-премьер-министр болду. Бул да күчтүү экономист, финансист жана жооптуу жумушчу, экономика илимдеринин доктору. 

Дагы вице-премьер-министр Эдил Байсалов эмне деген кадр? Эл аралык деңгээлде саясый тажрыйбасы бар.

Ошондой эле премьер-министр Акылбек Жапаров баштаган башка министрлер жөнүндө да жакшы сөздөрдү айтууга болот. Биз дайыма ушундай жогорку билимдүү өкмөттү кыялданчу эмеспизби? Мына келишти. Алар ийгиликке жетет деп ишенем. Эң башкысы, карапайым элдин муктаждыктарын чечип, эл үчүн иштешсин. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер