Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дамирбек Исаков менен Руфат Абдуразаковдон өздүк курам тажадыбы?

Дамирбек Исаков менен Руфат Абдуразаковдон өздүк курам тажадыбы?

20-март, 19:30
1 524 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чүй ОИИБ начальниги Дамирбек Исаков өздүк курам менен келише албай, интригадан башы чыкпай атканы каңкууланды. Былгытып эле “арттан бычак сайганга” уста беле? Анан калса, жогорку леди айымга таянып алып, эч кимди тоготпой атабы? Орун басары Руфат Абдуразаков байма-бай пара алып келгени айтылууда, чынбы? Айтор, Сары Өзөндүн милициясында атмосфера жакшы эмес. 

Натыйжада, эмне кылуу керек? Мындай жагдайда идея таштап коёлу. Маселен, Ысык-Ата РИИБ начальниги Мелис Мырсалиев ишине тың, коллективине карамдуу, чарбачыл, о.э. кылмыштуулукту ачууда да ийгиликтерди жаратып атыптыр. Каарманыбыз адамгерчиликтүү, куулук-шумдугу жок, интригадан алыс. Мелис мырзаны облустагы дээрлик начальник РИИБлер колдошот экен. Кесипкөй болсо, түз жүрсө, урмат-сыйга татыйт да. Мына ушундай жигит Чүй ОИИБ башчылыгына дайындалса, жалпыга жагып, милициянын иши алдыга жылмак. Паракорчулук, коррупция кескин түрдө азаймак. Келечекке карай ишенимдүү секирик жасалып, оңолууга кадам ташталмак эле.

“Платон менин досум, бирок чындык андан жогору” демекчи, Дамирбек Исаков таасирдүү айымдын тууганы, кайсы бир лөктүн жакыны болсо да, милициянын эртеңи үчүн кедергисин тийгизбеши керек, туурабы? Жумушун тарта албай атса, алы келген кызматка которулуп кетпейби? Жөн кетпей Руфатын жетелей кетсе, баары кол чабабы? Ушундай.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер