Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Жумагулов: “Президент пенсияны, мугалимдердин, медиктердин маяналарын көтөрдү. Кумтөрдү мамлекеттин менчигине алды...”

Аскар Жумагулов: “Президент пенсияны, мугалимдердин, медиктердин маяналарын көтөрдү. Кумтөрдү мамлекеттин менчигине алды...”

09-июнь, 19:30
370 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экономика илиминин кандидаты, КР эмгек сиңирген экономисти, волейбол спортунун чебери, “Манас” орденинин жана “Даңк” медалынын ээси менен маек.

-- Аскар ага, учурда кайсы көйгөй жүрөгүңүздү оорутат? Эмнеге ичиңиз чыкпай, чийки май жегендей болуп жүрөсүз?

-- Бир кезде Турдакун Усубалиев, Акматбек Сүйүнбаев, Төрөбай Кулатовдор менен бирге иштеген партиялык кызматкер катары, ошол кездеги өнөр жай, айыл чарба, дүйнөлүк масштабдагы завод, фабрикалар мурунку муундагы адамдар менен түзүлгөн эле да. Анан эле бир паста сатып жоготуп, приватизация кылып, ташын талкан кылып салды. Алсак, Ленин заводу, камволдук нооту комбинаты, Фрунзе заводу, Физприбор, 40 жылдык кийим тигүү, ВЛКСМ фабрикалары, Автомаш заводу ж.б. анын бири жок. Ошондой кантип болсун? Мына ушу жагдайга зээним кейип, азыркыга чейин жүрөгүм ооруп келет. Карл Маркстын “Эгер өндүрүштү бир жумага токтотуп койсо, бул коомдун кыйрашына апкелет” деп айтканы бар. Муну 200-300 жыл мурун айтып коюшкан. Бизде азыр эмне көп? Алып сатарлардын дүкөнү, базары  көп. Кытайдан же башка мамлекеттен товарлар келет, кайра сатылат. Бул көрүнүш мени чийки май жегендей кылып жүрөт.

-- Аксакал киши катары ажого айта турган кеп-кеңешиңиз, акыл насаатыңыз бардыр?

-- Былтыр күзүндө президенттин кабыл алуусунда болдум. Жылуу маанайда тосуп алды. “Аскар аба” деп көлдүктөрчө кайрылып, “мен сизди жакшы билем, акасакал катары сыйлайм” деп, андан ары алдыда кыла турган мамлекеттик маанидеги иштери менен ой бөлүштү. Анын ичинде  жолдорду оңдоп-түзөө, пенсия-пособиелерди жогорулатуу, Кумтөрдү мамлекетке алуу ж.б. жакшы максаттарды айтып, анын ичинде жогоруда айтып өткөн өндүрүштү колго аларын, аны жандантуу жагын кошумчалап, “эмне маселеңиз бар, Аскар аба?” деп сурады. “Маселем деле жок, Садыр Нургожоевич. 62 жыл эмгек стажым бар. 81ден 82ге кеткен Чүйдүн аксакалымын. Болгону “Кыргыз Эл Баатыры” наамын өлгөндөн кийин үч кишиге берсе болот” деген мыйзам бар экен. Алар: Борбордук Комитеттин 1-катчысы, Жогорку Кеңештин төрагасы, Министрлер советинин төрагасы. Бу жерде Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев алды, Төрөбай Кулатов менен Султан Ибраимов алды. Бир гана Акматбек Сүйүнбаев ала элек. Ал бир эле Кыргызстанга эмес СССРге ат көтөргүс кызмат кылган. Улуу Ата мекендик согушта легендарлуу маршалдар Жуков, Рокосовский менен жүргөн адам” десем, “туура Аскар аба, Жусуп Абдрахманов менен кошо Сүйүнбаевге да наамды берели” деген. Анан эле эгемендиктин 30 жылдыгында “Эл Баатырлары” болушту. Мына, менин бир эле ооз айткан кебим жолдо калган жок. Ошол замат аткарылды. Ооба, андан бери президент катары бир топ мыкты жумуштарды, андагы мага айткан, кылам деген жумуштарды чет-четинен аткарып атат. Кудайдын кулагы сүйүнсүн. Пенсияны, мугалимдердин, медиктердин маяналарын көтөрдү. Кумтөрдү мамлекеттин менчигине алды. Жолдор четинен оңдолуп-түзөлүп аткандарын көрүп атабыз. Бул жаатта бир топ эле алгылыктуу иштерди тынымсыз жасап атат. Президенттин дагы бир жагымдуу ишти баштаганын айта кетсем, улуттун нарк-насили тууралуу жарлыгы чыкты. Аксакалдар буга кошулуп атабыз. Идеологияны кайрадан жандандырып атканы жүрөгүмдү жылытууда. Учурдан пайдаланып, Кыргыз элдерин ар дайым ынтымак-ырашкерликке үндөгөн Сары Өзөн Чүйдүн аксакалдарынын атынан президент Садыр Нуркожоевичке ыраазычылык айтып, ишине ийгилик каалайм!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер