Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Манас Арабаевдин тапанчасы уурдалып, чуу чыканы айтылууда

Манас Арабаевдин тапанчасы уурдалып, чуу чыканы айтылууда

20-декабрь, 23:31
1 196 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алмазбек Атамбаевдин дооруна кайталы. Агезде президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаев оппозициячыл саясатчыларга, журналисттерге ыдык көрсөтүп, кылмыш иштерин козготуу, каматуу жагынан куратор болгону ЖМКларга чыгып келген. Сооронбай Жээнбеков ажолук такка отургандан кийин бул эргулду убактылуу каматып, анча-мынча жазасын берген эле. Аныгында, ал жеңил кутулуп кеткен. 

Кызыгы, күч органдарындагы өздүк булагыбыз билдиргенине келсек, жакында Манас Арабаевдин Кара-Жыгачтагы үйүнө ууру кирип, тапанчасын жана 17 огун тоноп кеткен. Бул курал Садыр Жапаровду убагында каматканы үчүн сый акы катары тартууланганы айтылууда. Учурда милиция кылмышка шектүүнү таппай жатканын уктук. Эми кандай? Акыйкатсыз иретинде адамдардын көз жашына забын болуп, ошентип жеткен куралың өзүңө буюрбай, уурунун колуна кеткени ушулбу? Кокус андан бейкүнөө атуулдар жабыркасачы? Баш чайкайсың да...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер