Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргыз-тажик чек ара аймагында кайрадан жаңжал чыгып, ок атылды
Кыргыз-тажик чек ара аймагында кайрадан жаңжал чыгып, ок атылды
06-август, 12:08

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек ара аймагында кайрадан жаңжал чыкты. Маалыматты чек ара кызматы тастыктады.
Такталгандай, окуя 6-августта саат 05:00дөр чамасында болгон.
Ок атышуунун натыйжасында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын заставасынын башчысы жарадар болду. Ал колунан жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Азыркы учурда чек арада эч кандай атышуу жок.