Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замир Айылчиев: “Акыркы сапарга узатууда да коррупциялык көрүнүштөр бар”

Замир Айылчиев: “Акыркы сапарга узатууда да коррупциялык көрүнүштөр бар”

12-ноябрь, 12:00
800 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысынын орун басары менен маек.

-- Бүгүн коррупция менен күрөш барбы? Дагы кандай жолдорун тапса болот? 

-- Коррупция мамлекеттин баардык тармактарында кеңири кулач жайган социалдык чоң оору жана жагымсыз жат көрүнүш. Бизде төрөлгөндө, бала бакчада, мектепте, ЖОЖдо, жумушка орношкондо, өз алдынча ишкердик кылганда, керек болсо адамды акыркы сапарга узатуу учурунда дагы коррупциялык көрүнүштөргө кептелишет. Бул кыргыз коомчулугунда гана эмес, дүйнөдө болуп жаткан чоң көйгөй. Өзүңүздөр билгендей, Түштүк Кореянын мисалында айтсак, төрт президенти камакка алынып, бирөөсү өзүн өзү өлтүргөн учурлар катталган. Акыркы камакка алынган президент Пак Кын Хе айымдын дагы тагдыры татаал болду. 

Кыргызстанда мамлекет башчынын коррупцияга каршы саясаты жигердүү нукта башталган. Мындан бир жыл мурун президенттин алдында ишкердик кеңеши түптөлүп, ажонун тыкыр көзөмөлүнүн натыйжасында инвестициялык климатты жакшыртуу аркылуу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жол салып жатканы жакшы көрүнүш болду. Бир жагынан алганда, албетте, биздин мамлекет потенциалы абдан чоң өлкө. Биз ички саясаттагы, сот системасындагы нерселерди жөнгө салышыбыз керек. Эгерде соттор акыйкаттуу иш алып барышса, анда коррупциялык иштерге дагы бөгөт коюлмак. Эл жана инвесторлор мыйзамга басым жасап, ишенимдүүлүк жана тазалык пайда болмок. Кыргызстанга кендирди кескен коррупция жаатында жол көрсөтө турган өрнөктүү мамлекеттер көп. Алардын бири Сингапур. Бул өлкө менен бирдикте тажрыйба алмаштыруу жаатында тийиштүү мамлекеттик кызматтагы адамдардын билимин өркүндөтүүчү программаларды иштеп чыгып, чет өлкөгө окууга жиберүүнү мамлекет жоопкерчиликке алышы керек деп эсептейм. Албетте, бул нерсенин натыйжасы бийик болот. Коррупцияны түп-тамырынан жоготуу кыйын, бирок кыскартса болоруна терең ишенем. Коррупция дүйнөнүн биринчи экономикасы катары саналган АКШда дагы бар. Болгону ал боюнча жарандарга ар тараптуу пайдалуу маалыматтарды бөлүшүп, алардын аң-сезимине коррупция алган же берген адам бул мамлекеттин чыккынчысы!” деген түшүнүктү беришибиз зарыл. Мындан сырткары, мамлекеттик мекемелердин баарын заманбап жаңы технологиялар менен камсыздоо – замандын талабы. Албетте, бул дагы адамдык ресурстун жоктугунан коррупциянын кескин азайышына жол ачат.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер