Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтынай Темирова: “Саха-Якутияда биздин чыгармалардан сонун китеп жыйнагын чыгарып коюшуптур”

Алтынай Темирова: “Саха-Якутияда биздин чыгармалардан сонун китеп жыйнагын чыгарып коюшуптур”

06-ноябрь, 18:35
518 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакынкы күндөрү эле белгилүү акын, драматург, котормочу Алтынай Темирова Саха-Якутиядагы VI эл аралык жогорку деңгээлдеги адабий фестивалдын ардактуу коногу болуп чакырылып, барып катышып келди. Сыйлык алган эки кишинин бири да Алтынай эже болду. Ал кыргыз адабиятыбыздын жүзү болуп, сыймык менен кайтты. Негизи, бул сыйлыкты алган төрт эле киши бар экен тарыхта. Анын бири Алтынай Темирова болду. 

-- Саха-Якут адабиятына кызыгууңуз кандайча артып калды? 

-- Саха-Якут адабиятына капысынан эле кызыгып калдым. 2017-жылы “Кыргыз адабияты менен искусствосунун күндөрү Якутияда өтөт, которгула деп чалып, Жазуучулар союзунан бир топ якут-саха акын-жазуучуларынын чыгармаларын таратып берип калышты. Мен барганда иргелип, көптөр алып кеткенден калган бир топ акын-жазуучулардын ырлары менен прозалары бар экен. Мага берген үлүштү которуп, “Ала-Тоо”журналына салып ийсем эле, улам жаңы авторду жиберишет“Эми ушуну да которуп кой, жардам кыл, киши жок болуп атат” дешип. Ошентип атып, аягына чейин калтырбай, бир топ акын-жазуучуларын которуп бердим. Кийин делегацияга мени кошуштуэң көбүн сен котордуң” дешип. Карасам, жазуучулардан тышкары, сүрөтчүлөр, киночулар, өкмөттөн кишилер бар экен . 

-- Якутияга болгон сапарыңыз, ал жакта болгон кызыктуу окуялар тууралуу да ой бөлүшсөңүз?

-- Ошентип жөнөп калдык. Делегацияны каржылаган, толугу менен көтөргөн Якутия тарап экен. Кымыз, токочтору менен абдан сонун тосуп алышты. Биз көзгө басар бир журналыбыздын бир санына чыгарганыбызды мактанып, кыйраттык деп барсак, алар биз тарап берген чыгармаларды бир сонун чоң китеп жыйнагы кылып чыгарып коюшуптур. Көптөгөн кызыктуу жолугушуулар, өкмөттүн кабыл алуусу, түрдүү эң сонун музейлер, тарыхый эстеликтердин ачылыштарына катыштык. Улуттук майрамы “Ысыахты” көрдүк, Лена дайрасында кемеге түштүк, бир ыйык тоосуна чыктык, айтор, эсибиз оогончо суктанып, кызыктардын баарын көрүп, бут тарта албай суй жыгылып келдик. 

Мага өкмөттүн “Алкыш каты” (Ардак грамота), анан баалуу сыйлыгы катары алтын саат беришти. Албетте, алардын эмгекти ушунчалык өз учурунда, так баалап, сыйлап-урматтай билгени таңгалдырды жана абдан ыраазылык жаратты. 

Андан бери дагы бир нече чыгармаларды которуп, алардын ичинен якут-саха адабиятынын “Айтматову”, “Алыкулу”, “Абдумомунову” – саха улуттук жазма адабиятынын бул чоң жанрларда эң күчтүү баштоочусу, түптөөчүсү жана шедевр чыгармаларды жараткан классиги, өз республикасынын түзүлүшүнө да зор салым кошкон мыкты лидери П.Ойунскийдин чыгармаларынан которгон кол жазмамды тил комиссиясынын конкурсуна жибердим. Ал жактан жогорку баа менен китеп болуп чыкты. Бу киши репрессияга кабылганда китептерин да камоого алып өрттөп жиберишкен экен, бирок эл өзү катып сактап калыптыр, буга да бир эсе таңгалдым.

Пандемия учуру болгондуктан которгон китебимдин бетачары абдан жакшы деңгээлде “Кабар” агенттигинде онлайн өттү. Интернеттен Якутия тарап да көрүп, Кыргызстан тарапка абдан ыраазылык билдиришти. Мен өзүмө тийген автордук нускадан 20 чактыны, өзүмдүн Москвадан орус тилинде грант менен чыккан “Лунная гора” деген жаңы поэзия китебимди кошуп почта менен кымбатына карабай салып жибердим. Алар музейлерге, китепканаларга таратышыптыр, өздөрүнчө чоң окуя катары кабылдап, бетачар кылышыптыр.

Күтүүсүздөн быйыл мага “Берекелүү ак кар” эл аралык адабий фестивалына чакыруу жиберишкен экен. Кудай жалгап, жол кирең, жашаганыңдын баарын төлөйбүз деп жазыптыр, ошон үчүн бардым. Европа өлкөлөрүнөн да он чакты акындар катышмак экен, алар пандемияга байланыштуу келе албай калышыптыр. “Кыргызстандан келген ардактуу коногубуз” деп атап атты фестивалдын жана союздун төрайымы, эл акыны Наталья Харлампьева. Маданият министри Ю.С.Куприянов катышкан өкмөттүн кабыл алуусунда болгондо Якутия өкмөтүнүн вице-премьери С.В.Местников “За укрепления мира и дружбы народов” эл аралык ардак белгиси медалын мага жана азербайжандык Аида Эйвазовага берип куттуктады, ал да өз тилине жана түрк тилине которгон экен. Саха жазуучулар союзу “П.Ойуунускай (Ойунский) атындагы сыйлыгын да Аида экөөбүзгө тапшырды.  

-- Якут эли эмнеси менен таңгалдырды?

-- Якутиянын “Чолбон”, “Полярная звезда” адабий журналдары биздин ырларыбызды орус жана саха тилинде чыгарышыптыр. Университеттерде, китепканаларда жолугушуулар болуп, Саха кабар агенттигинде форум, ж.б. иш-чараларда ырларыбызды эки тилде окуп, студенттер, которгон акындар саха тилинде биздин ырларды окуп, абдан кызыктуу күндөр өттү. Жогоруда айтылгандар менен чогуу, КМШнын ар тарабынан келген көрүнүктүү мыкты акындар: башкыр Заки Алибаев, калугалык Вадим Терёхин, хакас кызы Наталья Ахпашева, карелиялык Елена Пиетиляйнен, мурмандык Илья Виноградов, казак акыны Саят Камшыгер, татар акыны Рузаль Мухаметшин, якут акын-жазуучулары Я.Н.Лугинов, Гаврил Андросов, Рустам Каженкин, ж.б. менен чыгармачылык боюнча кеңири сүйлөштүк. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер